ШКУнун Өзбекстандагы Элдик дипломатия борборунда Нооруз майрамы белгиленди

Борбор Азия Загрузка... 14 Апрель 2025 14:46
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.0425. /Кабар/. Өзбекстандын борборундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Элдик дипломатия борбору "Сүмөлөк сейили" аттуу майрамдык иш-чара өткөрдү. Бул иш-чара "Нооруз – сенин баалуулуктарың түбөлүктүү болсун!" деген чакырык алдында уюштурулду.

Бул майрамдын башкы максаты – кылымдарды карыткан каада-салттарды, элдик маданияттарды сактап, аларды кийинки муунга жеткирүү, ошондой эле ШКУ мейкиндигиндеги мамлекеттер ортосунда илим, маданият, билим берүү, искусство, туризм жана спорт тармактарында байланыштарды арттыруу болду.

Иш-чаранын ачылышында ШКУнун Элдик дипломатия борборунун директору Кобилжон Сабиров президент Шавкат Мирзиёевдин улуттук маданий борборлорду колдоо, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана ар түрдүү улуттардын жаштарына ылайыктуу шарттарды түзүү багытындагы демилгелерине токтолду.

"Нооруз майрамынын маңызында жаткан гуманизм, адамга болгон урмат, ата-журт менен жаратылышка аяр мамиле сыяктуу баалуулуктар бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ болуп жатат" - деп белгиледи директор.

Майрамга Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов да катышып, элдик дипломатия элдердин ынтымагын чыңдоодо маанилүү көпүрө экенин баса көрсөттү.

"Бул иш-чара – түрдүү элдердин маданияты менен салт-санаасын таанытып, эл аралык достук мамилелерди чыңдоого жол ачкан мыкты үлгү", – деди элчи.

Майрамдын концерттик бөлүгүндө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук күүлөрү, ыр-бийлери жаңырып турду. Ар кыл улуттардын өкүлдөрү өз маданиятын, үрп-адаттарын тартуулап, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ошондой эле ар улуттун салттуу тамак-аштары коюлган майрамдык дасторкон жайылды.

Майрам учурунда өзбек палоосу, ысык самса жана Нооруздун башкы символу болгон буудайдан жасалган сумаляк каалоочулардын баарына тартууланды. Улуттук обондор жаңырып, элдин маанайы көтөрүлүп, майрамдык көңүл-күй жаралды.

Иш-чаранын алкагында Борбор Азия элдеринин кол өнөрчүлүгүнө арналган көргөзмө да орун алды. Айрыкча этникалык кыргыз дизайнери Расия Жуманазарованын «Оймолор обон салганда» аттуу этно коллекциясы коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Эске сала кетсек, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2017-жылы Астанада өткөн ШКУ саммитинде Элдик дипломатия борборун түзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бул демилге негизинде борбор 2019-жылдын башында Ташкентте өз ишин баштаган.