Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму тарыхый чечимдерди чыгаруунун жана аларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун босогосунда турат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибилла Пазылов “Кабар” агенттигине билдирди.
“Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити учурда турмушубузда орун алган олуттуу чакырыктарга шайкеш жооп издөөгө өтө көп көңүл бурат деп ойлойм. Анткенимдин себеби соңку жылдарда адамзат коому “жашыл” экономика, жасалма интеллект, жаратылыш кырсыктары, жакырчылык, согуш жана тынчтык сындуу ири саясий-экономикалык, социалдык жана башка түйүндүү маселелерге туш келип отурат. Дүйнө тынымсыз өзгөрүп баратат”, - деди маданият ишмери.
Абибилла Пазылов мындай шарттарда ШКУга кирген мамлекеттердин лидерлери жигердүү иш алып барышына терең ишенерин белгиледи.
“ШКУнун саммитине Кытай, Россия, Индия өңдүү азыркы замандын алга жүрүшүндө абдан салмактуу күчкө ээ үлкөн өлкөлөрдүн жетекчилери келишти. Борбор Азиянын мамлекет башчылары да бүтүн ааламдык маселелер боюнча өздөрүнүн омоктуу сунуш-пикирлерин ортого салышат. Айтор, ШКУ тарыхый чечимдерди чыгаруунун жана аларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун босогосунда турат десем жаңылышпайм”, - деген ойдо жазуучу.
Ал президент Садыр Жапаровдун демилгесинин жана уюштуруучулук аракетинин астында Шанхай кызматташтык уюмунун жалпы жыйыны иштиктүү, жемиштүү маанайда өтүшү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жетишкенин белгилеп, Кыргызстан жана дүйнө эли чыдамсыздык менен күткөн жакшылыктар жаралат деген ниетин билдирди.