Кыргызстандын саясий макамы менен эл аралык кадыр-баркын көтөрүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи сымал ири долбоорлордун курулушун илгерилетүү, соода-экономикалык байланышты санарип технологиялар аркылуу тездетүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка биргелешип каршы туруу жана мөңгүлөрдү сактоо. Саясий илимдердин доктору Азамат Темиркуловдун айтымында, ШКУга төрагалык кылуу Кыргызстанга дал ушул маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эске салсак, Кыргызстан 2025-жылдын сентябрында ШКУга төрагалыкты Кытайдан өткөрүп алган. Төрагалык маалында 40тан ашык ири иш-чараларды өткөрүү, демилгелерди конкреттүү кадамдарга айландыруу пландалган.
— Саламатсызбы, Азамат Азатбекович! ШКУга төрагалык макамы Кыргызстанга саясий, экономикалык жана имидж жагынан кандай мүмкүнчүлүктөрдү берди?
— Кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Бир эле мисалды алсак, биз азыр БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болууга аракет кылып жатабыз. Бул үчүн өлкөнүн саясий макамы жана эл аралык имиджи жогорку деңгээлде болушу керек. ШКУга төрагалык макамы дал ошол саясий статусту да, эл аралык кадыр-баркты да берип жатат. Башкача айтканда, ушул позиция менен өзүбүздү эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүп, андан ары БУУнун Коопсуздук кеңешине окшогон башка бараандуу статустарга жеткенге аракеттенебиз.
Ал эми экономикалык жагын ала турган болсок, биз активдүү түрдө илгерилетип жаткан финансылык механизмдер экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Буюрса, ушул күздө өтө турган саммитте ШКУ Өнүгүү банкын түзүү боюнча техникалык маселелер чечилип калса, каражатка жеткиликтүүлүк артат. Аймак үчүн жана ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн маанилүү инфраструктуралык ири долбоорлорго каражатты орток банктан алса болот. Анын үстүнө биздин өлкө азыр эки тараптуу кредиттерден баш тартып жатат. Каражатты мамлекеттерден эмес, эл аралык институттардан алган туура деп эсептейм.

— Кыргызстан ШКУнун төрагалыгына киришип жатканда аталган уюмдун финансылык механизмдерин өнүктүрүү демилгесин илгерилете турганын билдирген эле. Бул багытта жүргүзүлгөн иштерге кандай баа бересиз?
— Төрагалыктын башкы артыкчылыгы - конкреттүү финансылык инструменттерге өтүү болуп жатат. Мисалы, өткөн жылдын сентябрь айында Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмунун башчылары ШКУ Өнүгүү банкын түзүү боюнча саясий чечим кабыл алышкан. Бул абдан маанилүү. Биздин регионго ушундай финансылык механизмдер керектиги боюнча сөздөр мурдатан эле айтылып келген. Шанхайдагы ошол жыйын да Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн. Бул биринчи конкреттүү кадам болуп жатат. Мындан аркы иш техникалык жактан болот.
Банктын уставы кандай болушу керек, негизги валюталар кандай кабыл алынат деген техникалык маселелер азыр кайрадан каралып, Кыргызстандын төрагалыгы алдында иштелип чыгууда. Себеби Кыргызстан ушул демилгенин маанилүү кыймылдаткыч мотору болуп эсептелинет. Албетте, биздин өз кызыкчылыктарыбыз бар. Ошол улуттук кызыкчылыктарыбызды унутпай, бекем кармап турабыз.
— Кыргызстан төрага катары ШКУда аймактык коопсуздук, "жашыл" экономикага өтүү, санарип трансформация багытында да демилгелерди көтөрүп жатат.
— Финансылык механизмдерден тышкары ШКУ алкагында илгерилете турган абдан маанилүү маселелерибиз бар. Алсак, Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүү. Муну эмне үчүн Кыргызстан демилгелеп жатканына келсек, биздин өлкө өз территориясында уюшкан кылмыш топторун толук жок кылып, бул багытта лидер болуп калды. Ал эми трансулуттук системага айланып кеткен кылмыштуулукка өз деңгээлинде жооп берүү керек.
Ошондуктан Кыргызстан: "Өлкө ичинде уюшкан кылмыштуу топторду түп- тамырынан жоготтук, эми регионду да тазалайлы" деген демилге менен чыгып жатат. Бул абдан маанилүү жана заман талабы десем болот. Биздин өнөктөштөр колдойт деген ойдомун. Бул уюмдун борбору Бишкекте орун алат. Анда иштечү адистер, уюмдун өзү, техникалар биздин экономикага аз да болсо салым кошот. Андан тышкары, борбордун инфраструктурасына, жасап жаткан кызматына жеткиликтүүлүк тез болот. Биз ошолор менен тыгыз кызматташып, жыйынтыктарга оңой чыксак болот.
Кыргызстан "жашыл" экономика боюнча да маанилүү позицияны карманып турат. Себеби, биз бул максатты канчалаган жылдардан бери БУУнун аянтында көтөрүп, аталган тема боюнча пикирибиз дүйнөгө таанымал болуп калды. Аны ШКУнун алкагында да илгерилетип жатабыз. Келгиле, ушул региондогу мөңгүлөрүбүздү, токойлорубузду, жаныбарларыбызды биргелешип сактайлы деп жатабыз. Анткени бул жумуш бир эле өлкөнүн аракети менен жасалбайт экен. Бул да абдан маанилүү жана керек иш. Муну да өнөктөштөрүбүз колдоп жатат. Кыргызстан уюмга төрагалык маалында мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алдыга илгерилетүүдө. Бул боюнча бир катар иш-чаралар өтөт.
Мындан тышкары, товар алмашууда, экспортто санарип технологияларга өтүү демилгеси көтөрүлүүдө. Ал ишке кирсе, бажыдан товарлар тез өтүп, бюрократиялык тоскоолдуктар азаймак. Кыргызстан башка багыттарды да санарип трансформациялоо аркылуу натыйжалуу жыйынтыктарга жеткирүү аракетин кылып жатат.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизге ийгилик!
2026-жылдын август айында Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт. ШКУга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Кытай, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь мамлекеттери мүчө. Афганистан менен Монголия ШКУнун байкоочу макамында. Ал эми Азия менен Африканын 14 мамлекети - Азербайжан, Армения, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдив аралдары, Мьянма, Непал, БАЭ, Сауд Аравиясы, Түркия жана Шри-Ланка ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөр.