Бишкек, 02.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Run The Silk Road” эл аралык марафонунун ачылыш аземине катышты.
Марафондун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов быйыл Евразиянын калкынын, экономикасынын жана ресурстарынын олуттуу бөлүгүн бириктирген Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан төрагалык кылып жатканын жана уюмдун 25 жылдыгы белгиленип жатканын билдирди. Ал аймак тарыхый Жибек Жолунун мураскери экенин, бул иш-чарага өзгөчө символика берерин белгиледи.
"Кыргызстан – жыл бою спорт менен машыга турган өлкө. Бул марафондун өзгөчөлүгү - деңиз деңгээлинен 1633 метр бийиктикте өтүп жаткандыгы. Марафондун аралыгы Ысык-Көлдүн жээгин бойлой жүргүзүлөт, анда катышуучулар чыныгы уникалдуу жаратылышты сезе алышат. Ысык-Көл марафону эл аралык мелдештерде өзүнүн ордун бекем кармап турат. Бүгүнкү күндө технологиянын өнүккөн доорунда адамдардын активдүүлүгү аз. Андыктан массалык спортко мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды тартуу зарыл", - деди Улан Маматканов.