ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндары: Мобилдик госпиталь уюштурулуп, 600дөн ашык медик тартылат

Ден соолук 32 10 Август 2026 12:00
770235350_1772142310877284_2580406651596735898_n.jpg
764807239_1038777592198262_5982163225224596345_n.jpg
768969611_1675955186841224_325186099799025151_n.jpg
768391131_1026397253725329_5251364958941890435_n.jpg
768230596_2205735783335041_833150954939555061_n.jpg
Алдыга
Артка
770235350_1772142310877284_2580406651596735898_n.jpg
764807239_1038777592198262_5982163225224596345_n.jpg
768969611_1675955186841224_325186099799025151_n.jpg
768391131_1026397253725329_5251364958941890435_n.jpg
768230596_2205735783335041_833150954939555061_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата саламаттык сактоо системасын даярдоо иштерин улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, даярдыктын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Анын жүрүшүндө алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун медициналык жактан камсыз кылуу, ошондой эле ишке тартылган бардык медициналык кызматтардын ишин координациялоо маселелери талкууланды.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аянтчаларында медициналык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн медициналык пункттарды, мобилдик медициналык бөлүмдөрдү жана мобилдик госпиталды уюштуруу, ошондой эле тез медициналык жардам бригадаларын күчөтүү каралган.

Оюндар өтүп жаткан мезгилде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш-чараларды медициналык жактан камсыз кылуу үчүн өзүнүн мобилдик госпиталын убактылуу өткөрүп берет. Ал зарыл медициналык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү үчүн пайдаланылат.

Эл аралык иш-чараларды медициналык жактан камсыз кылууга 600дөн ашуун медицина кызматкерин тартуу пландалууда. Алардын арасында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистер, медициналык уюмдардын үчүнчү деңгээлиндеги дарыгерлер жана медицина кызматкерлери, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери, тез медициналык жардам бригадалары жана иш-чаралардын медициналык коопсуздугун камсыз кылууга тартылган башка адистер бар.

Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү координациялоону жана ыкчам чара көрүүнү камсыз кылган ыкчам штаб түзүлдү. Медициналык бригадалардын, дары-дармек каражаттарынын, медициналык жабдуулардын жана жеке коргонуу каражаттарынын резерви түзүлдү.

Жабыркагандардын массалык түрдө кайрылуусунда, инфекциялык жана инфекциялык эмес коркунучтар жаралганда, уулануу, жаракат алуу жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда медициналык уюмдардын шашылыш жардам көрсөтүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле катышуучулардын жана эл аралык иш-чаралардын конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жайгаштыруу, тамактануу жана эс алуу жайларына, ичүүчү суунун сапатына жана башка маанилүү объекттерге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде катышуучулар, коноктор жана калк зарыл болгон медициналык жардамды өз убагында ала алышы үчүн медициналык күчтөрдүн жана каражаттардын комплекстүү даярдыгын камсыз кылууда.