ШКУ өлкөлөрү желим калдыктарга каршы жана “жашыл” технологиялар үчүн биригүүдө

ШКУ Загрузка... 03 Апрель 2026 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу министрлик жана мекемелеринин жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жыйынтыктоочу протоколуна кол коюу аземи болду.

Кабыл алынган документтер тиешелүү мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн негиз болуп берет. Жолугушуунун жыйынтыктары ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын мааракелик саммитин утурлай даярдык көрүүгө маанилүү салым кошору белгиленди.

"Бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары региондун экологиялык коопсуздугуна жана элибиздин туруктуу келечегин камсыз кылууга кошкон олуттуу салым болуп саналат", - деп баса белгиледи жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев.

Белгилей кетсек, актуалдуу маселелерди талкуулоого Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын делегацияларынын башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысынын орун басары Сохаил Хан катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле желим калдыктарга каршы күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жашыл технологияларды ишке ашыруу боюнча улуттук тажрыйбаларын сунушташты.