ШКУ: Кыргызстан аялдардын эл аралык өнөктөштүгүн чыңдоодо

Министрлер кабинети 571 26 Июнь 2026 14:24
6a3e1c65be69a.jpeg
6a3e1c6576afc (1).jpeg
6a3e1c74f04ed.jpeg
6a3e1c74cbbf1.jpeg
6a3e1c74c600d.jpeg
6a3e1c74a0a33.jpeg
6a3e1c745e757.jpeg
6a3e1c7450227.jpeg
6a3e1c7414a0c.jpeg
6a3e1c74149a5.jpeg
6a3e1c73e66b5.jpeg
6a3e1c66eec6e.jpeg
6a3e1c66dae0b.jpeg
6a3e1c66b1a7a.jpeg
6a3e1c6576afc.jpeg
Алдыга
Артка
6a3e1c65be69a.jpeg
6a3e1c6576afc (1).jpeg
6a3e1c74f04ed.jpeg
6a3e1c74cbbf1.jpeg
6a3e1c74c600d.jpeg
6a3e1c74a0a33.jpeg
6a3e1c745e757.jpeg
6a3e1c7450227.jpeg
6a3e1c7414a0c.jpeg
6a3e1c74149a5.jpeg
6a3e1c73e66b5.jpeg
6a3e1c66eec6e.jpeg
6a3e1c66dae0b.jpeg
6a3e1c66b1a7a.jpeg
6a3e1c6576afc.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Шанхай кызматташтык уюмунун аялдар форумуна катышып, сөз сүйлөдү.

Улан Маматканов өз сөзүндө 2026-жыл ШКУ үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин, анткени уюм ишмердүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатканын белгиледи. 

Ал ШКУда Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде юбилейлик жылды өткөрүү өлкө үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ШКУнун аялдар форуму аялдардын лидерлигин өнүктүрүү, аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык процесстерге катышуусун кеңейтүү, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча экенин баса белгиледи. 

Сөзүндө аялдардын мамлекеттик башкарууда, экономикада, бизнестин жана санариптик чөйрөдөгү ролунун өсүшү менен байланышкан глобалдык тенденцияларга өзгөчө көңүл бурулду.

Улан Маматкановдун айтымында, аялдардын лидерлиги бүгүнкү күндө туруктуу өнүгүүнүн, экономикалык өсүштүн жана натыйжалуу башкаруунун негизги факторлорунун бири катары каралууда. Ошондой эле ал Кыргызстанда аялдар коомдук турмуштун бардык тармактарында активдүү роль ойнорун белгиледи.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөнүн чакан жана орто бизнестин субъекттеринин болжол менен 20%ы аялдарга таандык же алар тарабынан башкарылат. Мындан тышкары, Кыргызстан парламенттеги аял-депутаттардын саны боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирет.

Өлкөдө 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканы, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканы баса белгиленди. 

Улан Маматканов аялдардын потенциалын өнүктүрүү, алардын ишкердик жана кесиптик активдүүлүгүн колдоо, ошондой эле чечимдерди кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Кыргызстандын жана бүтүндөй региондун андан ары социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. 

Сөзүнүн соңунда ал Кыргызстан бүгүнкү күндө туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп, жаңы өнөктөштүктөргө, инвестицияларга жана биргелешкен долбоорлорго ачык экенин белгиледи.