ШКУ: Бишкекте финансы министрлери менен Улуттук банк жетекчилеринин жолугушуусу өтүүдө

ШКУ Загрузка... 29 Май 2026 10:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлери жана Борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын кеңешмеси өтүүдө.

Жолугушуунун программасына ылайык, алгач делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү уюштурулду.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө КР финансы министри Руслан Сүйналиев жана Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков баяндама жасап, ШКУ алкагындагы каржы-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине көңүл бурду.

Жыйындын соңунда катышуучулардын жыйынтыктоочу протоколго кол коюшу, андан кийин жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасалары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, жолугушуу Кыргызстан төрагалык кылып жаткан ШКУнун иш-чараларынын алкагында өтүүдө.

Белгилүү болгондой, 2026-жылы Бишкекте уюмдун 25 жылдык мааракесине карата жогорку деңгээлдеги саммит өтөт.

Эксперттердин баамында, мындай жолугушуулар аймактагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө жана каржы институттарынын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.