Шектүү шилтемелерге кирбеңиз! Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоо күчөтүлүүдө

Коом Загрузка... 24 Июнь 2025 16:15
WhatsApp Image 2025-06-24 at 16.00.51.jpeg
copyright icon www

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Кыргызстан күндөн-күнгө санариптик чөйрөгө тереңдеп кирип, анын алкагында онлайн кызматтардын, мессенджерлердин, электрондук арыздардын жана башка санариптик кызматтардын саны өсүүдө. Бирок, муну менен бирге киберкоркунучтар да өнүгүүдө. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү радиолордун бирине берген маегинде шектүү шилтемелерге кирип жана белгисиз QR-коддорду сканерлөөдөн алыс болуш керектиги тууралуу эскертүү таратты.

Маалыматка ылайык, бул жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине жана алдамчылык схемаларынын башталышына алып келиши мүмкүн.

"Кыргызстанда көптөгөн жарандар алардын курмандыгына айланууда. Расмий маалыматтарга караганда, эгерде 2022-жылы агенттикке мындай маселелер боюнча 20 кайрылуу түшкөн болсо, 2023-жылы 100гө жетти. Анан ичинен 50 учур «Ягоды плюс» платформасы аркылуу болгон: жарандар өздөрү банктык реквизиттерин берип, акча которуп, жеке маалыматтарын жөнөтүп, оңой киреше табам деп үмүт кылышкан",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле адистердин айтымында, жарандын атына насыя алынган учур катталган. Текшерүүдө алдамчы абакта отурган адам уюлдук оператордун кызматкери катары таанышып, андан тастыктоо кодун алган. Жабырлануучунун айтымында, кодду баласы айтып коюшу мүмкүн, бирок так жагдайлар аныкталган эмес. Иш тиешелүү органдарга өткөрүлүп ,тийиштүү чаралар көрүлгөн.

Жеке маалыматтар — бул адамдын өздүгүн түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар: фамилия, ысым, атасынын аты, ИНН номери, паспорттук маалыматтар. Мындан тышкары, улуту, дини, ден соолугу тууралуу маалыматтар жана биометрикалык маалыматтар (манжа издери, көздүн тор кабыгынын сүрөтү) өзгөчө категорияларга кирет.

Агенттик башка мамлекеттик органдардын же юридикалык жактардын персоналдык маалыматтарына ээ эмес, бирок текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. Эгерде, жаран алдамчылардын курмандыгы же жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине шектенсе, арыз менен кайрылса болот. Агенттиктин адистери текшерүү жүргүзүп, акт түзүп, материалдарды Ички иштер министрлигине өткөрүп берет.

Белгиленгендей, көптөгөн жарандар, айрыкча алыскы аймактарда жеке маалымат деген эмне жана аны коргоонун мааниси тууралуу толук түшүнүккө ээ эмес. Ошондуктан маалымдуулукту жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө, анткени маалыматтын жетишсиздиги булардын бардыгына себепчи болду. Өлкөдөгү мыйзамдарда жана укуктук актыларда кайсы маалыматтар персоналдык болуп эсептелери жана аларды колдонуу кандай жөнгө салынары так көрсөтүлгөн.

Агенттик эскерет: Тез жана ишенимдүү киреше табуунун кесепетсиз жолдору жок, мындай схемалар көп учурда алдамчылык болуп чыгат.

Жумабекова Бермет