Энергетикалык көз карандысыздыкка карай: Кыргызстан тармакты кантип өнүктүрүүдө

Коом Загрузка... 15 Май 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.47 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Өлкөдө энергетика тармагын өнүктүрүүгө, генерацияны жана энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу колго алынган. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Таалайбек Ибраевдин жетектөөсү менен Энергетика министрлиги керектөөчүлөрдүн саны өскөндүгүнө байланыштуу калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, энергетикалык тартыштыктан чыгуу максатында бир катар реформаларды жүргүзүп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду активдүү ишке ашырууда.

“Кабар” агенттиги Кыргызстан ГЭСтерди жаңылоо, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын пайдалануу менен энергетика тармагында кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болору тууралуу талдап көрдү.

toktogulka.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Ири ГЭСтерди модернизациялоо

Кыргызстанда иштеп жаткан ГЭСтерди модернизациялоого өзгөчө көңул бурулууда. Анткени ГЭСтердеги агрегаттардын иштөө мөөнөтү 50-60 жылга эсептелгендиктен жаңылоону талап кылат. Мамлекет иштеп жаткан ГЭСтердин кубаттуулугун жогорулатуу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууда. Бул кадамдар авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартып, системанын ишенимдүүлүгүн арттырды.

Атап айтсак, Токтогул ГЭСинин биринчи гидроагрегаты 1975-жылдын 5-январында ишке киргизилген. 49 жылдан кийин гана 2024-жылдын март айында аны модернизациялоо башталып, ошол эле жылдын ноябрь айында аяктаган. Анын жыйынтыгында агрегаттын кубаттуулугу көбөйтүлгөндөн кийинки кубаттуулугун эсептеп көрсөк, болжол менен 60 миң батирди электр энергиясы менен камсыздоого жетет. Буга улай эле аталган ГЭСтин экинчи, үчүнчү жана төртүнчү гидроагрегаты жаңыртылды. Модернизациялоо иштеринин жыйынтыгында станциянын электр энергиясын өндүрүүсү кыйла жогорулады.

Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСиндеги №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Комплекстүү модернизациялоонун натыйжасында Үч-Коргон ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу туруктуу түрдө өсүүдө. 2025-жылы №3 жана №4 гидроагрегаттарды реконструкциялоо аяктаган. Азыркы этапта №1 жана №2 гидроагрегаттар модернизацияланууда.

Мындан тышкары, Ат-Башы ГЭСи реконструкциядан кийин станциянын кубаттуулугу көбөйүп, жабдуулардын иштөө мөөнөтү 25–40 жылга узартылды. ГЭСтеги модернизациялоо иштери 2020-2022-жылдары аяктаган.

КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору, энергетика тармагы боюнча эксперт Карыпбек Алымкуловдун айтымында, ГЭСтердеги генераторлордун иштеп жаткан мөөнөтү 50 жылга жакындап калды. Жабдууларды жаңыртуу менен кошумча электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралууда.

1070390953_0_0_3074_2048_1920x0_80_0_0_ce72ac3_RqCvut7.width-800

“Жабдуулар эртең эле иштен чыгып калат деп айтууга болбойт. Себеп дегенде, генераторлор күнү-түнү, жыл бою иштебейт. Мисал үчүн айтсак, Токтогул ГЭСиндеги генераторлор бир жылда 365 күн болсо, ошонун 44 пайызында гана иштейт. Калган күндөрү генераторлор оңдоп-түзөө жана башка иштер жүрөт. Токтогул ГЭСиндеги төрт генераторлордун эскилери алынып, жаңылары коюлду. Төмөн жакта жайгашкан станцияларды да которуп жатышат. Үч-Коргондогу 4 генератордун экөө реконструкцияланып, экөө азыр жаңыланууда. Буш иштердин натыйжасында калкка жетиштүү көлөмдө электр энергиясын берүүгө мүмкүнчүлүк бар”, - деп белгилейт Карыпбек Алымкулов.

Камбар-Ата-2 ГЭСи. Жалпы электр станциясынын кубаттуулугу учурда 120 МВт түзөт. ГЭС ишке киргизилгенден кийин, станциянын жалпы кубаттуулугу 120 МВттан 240 МВтка чейин көбөйөт. Энергетика министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, долбоордун графигине ылайык,ГЭСтин 2-агрегатын ишке киргизүү 2029-жылдын башына пландаштырылган. Агрегатты ишке киргизүү өндүрүш кубаттуулугун жогорулатат жана энергетика системасынын туруктуулугун, айрыкча, жүктүн эң жогорку чегинде жакшыртат.

Күрпсай ГЭСи

Быйылкы планга Күрпсай ГЭСиндеги көмөкчү станцияны реконструкциялоо киргизилген. Долбоор боюнча учурдагы автотрансформаторлорду заманбап, натыйжалуураак агрегаттар менен алмаштырууну камтыйт. Бул модернизация электр тармагынын ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жакшыртат. Күрпсай ГЭСиндеги көмөк чордонду реконструкциялоону 2026-жылдын август айына чейин бүткөрүү мерчемделген.

ka-1_WnA9cXT.2e16d0ba.forma.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Камбар-Ата-1 ГЭСи. ГЭСте учурда инженердик жана уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи региондогу эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп саналат.

Энергетика министрлигинен белгилешкендей, “кылым долбоору” аталган “Камбар-Ата-1 ГЭС” долбоорун ишке ашыруу үчүн тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө. ГЭСтин курулушуна карата даярдык иштеринин алкагында электр берүү линияларын тартуу, унаа жолдорун жана Нарын дарыясы аркылуу көпүрө куруу, куруучулар үчүн шаарчаны түзүү, ошондой эле бир катар башка инженердик жана уюштуруу иш-чаралары аткарылып жатат.

Камбар-Ата-1 ГЭСинде өндүрүлчү электр энергиясы Кыргызстандын энергетикалык деңгээлин толугу менен өзгөртө турган өтө чоң көлөм болот деп болжолдонууда.

Ички муктаждыктарды жабуу

  • Үйлөрдү камсыздоо: Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул кубаттуулук 1,5 миллионго чейинки үйдү электр энергиясы менен камсыз кыла алат.
  • Тартыштыкты жоюу: Бул ГЭС Кыргызстандын кышкы мезгилдеги электр энергиясынын тартыштыгын толук жабат.
  • Токтогул ГЭСинен күчтүү: Камбар-Ата-1 өлкөдөгү эң ири ГЭС болуп, кубаттуулугу боюнча Токтогул ГЭСинен ашып өтөт.

Өндүрүштүн көлөмү

  • Жылдык өндүрүш: ГЭС жылына орто эсеп менен 5,6 млрд кВт⋅саат электр энергиясын иштеп чыгат.

Экономикалык таасири

  • Экспорттук потенциал: ГЭС ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын сырттан сатып албай, кайра экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.
  • Борбор Азиядагы ролу: Долбоор бүткүл Борбор Азия чөлкөмүн суу жана энергия менен туруктуу камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.

Чакан ГЭСтерди куруу

photo_54182514.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Быйыл өлкөдө 13 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалган. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, өндүрүлгөн электр энергиясы жылына болжол менен 348,3 млн кВт саатты түзөт. Бул көлөмдөгү энергия болжол менен Бишкек шаарын бир нече ай же ири өндүрүш ишканасын бир жыл бою электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздай алат.

Чакан ГЭСтер Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жайгашкан. Быйылкы жылда ишке киргизиле турган ГЭСтердин үчөө иштеп баштаган.

Эске салсак, 2021-2025-жылга чейин 27 чакан ГЭС ишке берилген. 2026-2030-жылдарга чейин 48 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.

Күн электр станциялары

WhatsApp_Image_2026_9s60ORx.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарынын потенциалы абдан жогору. Күн энергетикасы Кыргызстанда гидроэнергетикадан кийинки экинчи маанилүү энергия булагы болуп саналат. Өлкөдө бул тармакта долбоорлор жигердүү ишке ашырыла баштады.

Учурда өлкө боюнча 11 күн электр станциясы иштеп жатат. Алар Бишкек шаарында, Чүй жана Баткен облустарында жайгашкан. Көпчүлүгү административдик имараттардын чатырларына, өндүрүштүк жайларга жана өзүнчө аянттарга орнотулган.

Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан “Жантай” күн электр станциясы өлкөдөгү кубаттуулугу жогору болгон күн электр станцияларынын бири катары белгиленип, ишке киргизилген.

DOS_0021.width-800.width-800.width-800

2026-жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу болжол менен 500 мегаваттка чейинки күн электр станцияларын пайдаланууга берүү пландалууда. Бул болжол менен 500-700 миң үйгө жарык берүүгө жетет десек болот.

Карыпбек Алымкулов Чакан ГЭСтер жана күн, шамал станциялары энергетика тармагында кошумча генерацияны иштеп чыгууда жардамы чоң экенин айтат

“Чакан ГЭСтер өзүнүн тегерегинде айылдарды электр энергиясы менен камсыздап турса, ушул эле жетиштүү болот. Ошондуктан алар калктуу конуштаргдын аймагында курулуп жатат. Күн жана шамал станциялары да кошумча электр энергиясын чыгарууга катышат. Күн станциялар күндүз энергия топтоп, кечкисин электр жарыгын иштеп чыгат. Күн станцияларын үйлөрдүн жана жалпы колдонуудагы имараттардын чатырларына коюу маселесин энергетиктер карап жатышат”, - деди эксперт.

Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу

aaaolo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Көмүр кенинде курула турган стация Токтогул ГЭСи менен бирге ички керектөөнү камсыздайт. Кара-Кече станциясы аба ырайынын шарттарынан көз каранды болбойт. Ошондой эле кышкы керектөөнү жабып, суук мезгилде суу сактагычты суу азыркыдай коротулбайт. Долбоорлор өз убагында ишке ашса, мындай макулдашылган иштин натыйжасында 2,5 жылдан кийин өлкө ички керектөөнү толугу менен камсыздайт.

Карыпбек Алымкулов Нарын облусунда Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу боюнча туура чечим кабыл алынганын белгиледи.

“Кара-Кече станциясы суу аз болгондо же электр энергиясы жетпей баратканда жардамы тиет. Жылуулук электр станциясын 2-3 жылдын ичинде куруп койсо болот. Мындан улам ушул маселе көңүл чордондо болушу маанилүү. Бул станцияны куруу боюнча долбоор союз маалында иштелип чыккан болчу. Ушуну ишке ашырууну тездетүү зарыл”, - деди ал.

Керектөөнүн өсүшү жана тариф

1_ZGD0kWm.width-800

Өлкөдө курулуш жана өндүрүш тармагынын активдешүүсүнө жараша ошончолук деңгээлде электр энергиясын керектөө кескин өсүүдө. 2025-жылы эле 36 миң жаңы абонент кошулуп, жалпы керектөө 19 млрд кВт/саатка жетти. Эксперттер мындан 20 жыл мурда керектөө 12 млрд кВт/саатты түзгөнүн белгилешет. Буга байланыштуу электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн арттыруу боюнча 2030-жылга чейин күн жана шамал энергиясын пайдалануу менен "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү, кичи жана орто ГЭСтерди куруу, энергия бөлүштүрүүнү толук санариптештирүү иштер улантылууда.

Ошол эле маалда Кыргызстанда электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн энергетика системасын жаңылоо, жабдууларды алмаштыруу зарыл. Электр жабдууларынын баасы өсүп жаткандыктан, чыгымдарды жабуу үчүн тариф саясаты каралып чыккан.

photo_54182514_HiqyDPV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Учурда калк үчүн электр энергиясы киловатт-саатына 1-майдан тарта 1 сом 64 тыйынды туздү. Бул керектөөчүлөргө берилип жаткан электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана түзөт. Тарифтик саясаттын негизинде өлкө боюнча техникалык базаны чыңдоо иштери ылдамдады.