Шашылыш билдирүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом Загрузка... 06 Март 2025 12:33
snezhnaya-lavina2.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 7-марттан 10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымы (Чапчыма ашуусу), Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымы;
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110 чакырымы;
  • Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымы (Талдык ашуусу);
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 98-145 чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу).

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.