Шанхайда алтынды кабыл алуучу алгачкы банкомат ачылды

Дүйнө Загрузка... 22 Апрель 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Алтындын баасынын кескин өсүшүнө байланыштуу Шанхайда алтынды кабыл алуучу алгачкы банкомат ачылды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Шэньчжэндеги Kinghood Group зергер компаниясы иштеткен банкомат салмагы 3 граммдан ашкан жана тазалыгы 50% кем эмес алтын буюмдарын кабыл алууга ылайыкталган.

Тазалоо процесси 1000°Cден жогору температурада эрүүнү жана тазалыкты аныктоо үчүн экинчи анализди камтыйт. Колдонуучунун банк эсебине каражат которулганга чейин граммы үчүн 18 юань (2,50 доллар) кызмат акысы алынат.

Мисалы, 40 граммдык алтын чынжырдын бир граммы 785 юанга (108 доллар) бааланган. Ал үчүн 30 мүнөттүн ичинде 36 000 юандан (4 900 доллар) ашык акча төлөнгөн.

“Акылдуу алтын банкоматтарын ишке киргизүү биринчи кезекте ишкерлик көз караш менен алганда кайра иштетүү функциясын аткарат. Бул алтындын баасы көтөрүлгөн сайын элдин колундагы алтындын баасы кыйла жогорулап, аны накталай акчага айлантууга болгон каалоо күчөгөнүнөн кабар берет”, - деди Шанхай алтын ассоциациясынын өкүлү Сюй Вэйси.