Кочкор районун толук камсыздайт: Шамшы суу сактагычы быйыл ишке берилет — Кабар

Кочкор районун толук камсыздайт: Шамшы суу сактагычы быйыл ишке берилет

Аймак 23 июнь 2026 18:45
Кочкор районун толук камсыздайт: Шамшы суу сактагычы быйыл ишке берилет
copyright icon WWW

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Белгилүү болгондой, ирригациялык жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

2026-жылы Шамшы суу сактагычын пайдаланууга берүү пландалууда, ал райондун айыл чарба секторун суу ресурстары менен натыйжалуу камсыздоого өбөлгө түзөт.

Ошол эле учурда 4 айылда таза суу менен камсыздоо тутумдары курулуп жатат, ошондой эле дагы 8 калктуу конушту ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор даярдалды.