Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Депутаттар тарабынан сунушталып жаткан жаңы шайлоо системасы жаш жана бай эмес талапкерлерге Жогорку Кеңешке өтүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
"Сунушталган шайлоо системасы боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлануу укугу камсыздалат деп ишенимдүү айта алам, анткени азыр административдик ресурсту колдонууга, шайлоочуларды сатып алууга каршы күрөш катуу жүргүзүлүп, натыйжасын берип жатат. Ошондуктан, жөнөкөй карапайым жарандардын шайланууга мүмкүнчүлүгү болот. Жаңы системада партиялык лидерлер белгилүү бир суммага тизмеде ким биринчи , ким экинчи болорун аныктаганга караганда жакшы болот деп ишенем", - деди Шайназаров шайлоо системасына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча оюн айтып жатып.
Ошондой эле ал белгилегендей, азыр шайлоочу депутаттыкка канча талапкерге – бир же үч талапкерге добуш берет деген суроого ар кандай пикирлер айтылып жатат.
"3 талапкерге добуш берүүгө каршылар мындай учурда талапкерлердин ортосундагы кандайдыр бир макулдашуулар болушу мүмкүн деп эсептешет. Алар биргелешип иштеп, утуп кетишет. Бул округда кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдү жаратат, анткени округдун башка калктуу конуштары парламентте өкүлү жок калышы мүмкүн", - деген ал мунун үстүнөн дагы иштөө керектигин белгиледи.
Жалпысынан БШКнын башчысы сунушталып жаткан шайлоо системасы шайлоо комиссияларынын ишин оорлоштурат деп белгиледи.
"Добуш берүү учурунда шайлоочулар көбүрөөк ката кетириши мүмкүн, ошондуктан көптөгөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө туура келет. Маселен, өткөн парламенттик шайлоодо 120 миң бюллетень жараксыз деп табылган. Бирок, Жогорку Кеңеш бардык нормаларды, жаңычылдыктарды бекитсе, ишке ашырууга даярбыз. Мындан тышкары, комиссия өзү кыргызстандыктарга каттоосу же жашаган жери боюнча добуш берүү укугун берүүнү сунуштап жатат", - деди ал.
Шайназаров азыр алар тарабынан жаңы норма сунушталып жатканын кошумчалады.
"Ага ылайык, кайсыл жаран болбосун, кайсы жерде болбосун, каттоосу жок, алдын ала арызы жок, каттоосу жок, мисалы консулдукка келип, добуш бере алат", - деди БШКнын жетекчиси сунушталып жаткан жаңычылдык тууралуу.