Шайлоо – бул коррупцияга каршы күрөштүн уландысы

Аналитика Загрузка... 22 Октябрь 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Келе жаткан парламенттик шайлоо жана анын өлкөдөгү саясий процесстерге тийгизе турган таасири, албетте, Жогорку Кеңештин сапаттык курамына жараша болот. Эл өзү гана шайлаган депутаттар мыйзам чыгаруу бийлигинде элдин кызыкчылыгын коргойт. Башкача айтканда, коом өзүнө жараша 90 депутаттан түзүлгөн бийлик бутагын тандап алышат.

Мурунку партиялык тизмелер басымдуулук кылган кампанияларга салыштырмалуу жаңы шайлоо эрежелери парламентке биринчи ондуктагы орундарды сатып алгандардын өтүшүн жокко чыгарат. Мындан тышкары, ар бир 30 округдун ичинен шайлоочулар өздөрү ишеним арткан адамга - жергиликтүү лидерге, жөнөкөй жумушчуга, мугалимге же фермерге "макул" деп добуш бере алышат.

Албетте, мурунку 30 жыл ичиндеги терс тажрыйбаны эске алганда, шайлоолордогу бурмалоо жана паракорлук кеңири кулач жайгандыктан, айрым адамдар эски схемаларды колдонууга аракет кылышы мүмкүн. Эксперттер мындай талапкерлерге өтө этият мамиле кылууга кеңеш беришет. Өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, көп сандаган үгүтчүлөрдү жалдап, белек-бечкек таратып, той-аштарды уюштурган талапкерлер депутаттык мандатты пайдаланып, короткон акчасын кайтарып, капиталын көбөйтүү үчүн бийликке келишет.

"Кабар” агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров бай талапкерлердин шайлоочуларды өздөрүнө тартууга мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроого жооп берип жатып, жарандардын көп сандаган жалданма үгүтчүлөрү бар талапкерлерге багыт алууну токтотууга убакыт келгенине көңүл бурду. “Мен дагы миң үгүтчүнү көп деп эсептейм. Мен канча жолу шайлоого катышпайын, бир дагы округга мынчалык көп үгүтчү жалдаган эмесмин.

Менимче, азыркы шайлоодогу талапкерлер да мынчалык көп албайт. Эгер кимдир бирөө миң үгүтчү жалдай алса, демек, анын акчасы көп.

Бирок добушту эл берет да. Ошондуктан мен элге кайра-кайра кайрылып жатам, добушуңарды сатпагыла. Албетте, бул кемчиликти кийинки шайлоодо оңдоого болот. Экинчи жагынан, миң үгүтчү жөнүндөгү нормадан улам трагедия жасоого болбойт. Анткени үгүтчүлөрдүн санын 500гө чейин чектесе да, бул маселени чечпейт. Расмий түрдө 500 үгүтчүнү каттап, дагы ошончосун оозеки сүйлөшүп, расмий эмес түрдө жалдаса болот. Муну далилдөө абдан кыйын болот.

Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм, ар бир талапкердин тагдыры үгүтчүлөрдүн колунда эмес, элдин колунда. Эгерде эл талапкерди колдобосо, миң, эки миң үгүтчү жалдасаң дагы, баары бир өтпөйсүң”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде президент, өкмөт жана БШК шайлоонун жыйынтыгы жарандардын чыныгы эркин билдирүүсүнө дал келиши үчүн бардык аракеттерди жасашты. Добуштарды эсептөөнүн электрондук системасы жасалмалоодон коргоону кепилдейт. Бардык кызмат адамдарга мандатка талапкерлерди кандайдыр бир үгүттөөгө же колдоого тыюу салынат. Мындай бузуулар шайлоого таасир этүү аракети жана мыйзамды түздөн-түз бузуу катары каралаары жөнүндө бардыгына - министрлерге жана алардын орун басарларына, аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына эскертилди.

Эксперттердин пикиринде, Жогорку Кеңешке болгон азыркы шайлоону коррупцияга каршы күрөштүн уландысы катары кароого болот. Президент УКМКнын башчысы менен биргеликте жогорку жакта тазалоо иштерин жүргүзүп жатат, эми бул ишке жарандар дагы кошулуп, коррупциянын түп-тамырынан бери жоготкондо салым кошуусу зарыл. Коомчулуктун өкүлдөрү парламентке билинер-билинбес кишилер келип жатканына көп даттанышат, дал ушул шайлоодо алар эми жаманатты болгон, убадасын аткарбаган же башка себептер менен депутат болууга моралдык укугу жок адамдарга жолду бууп коюуга чоң мүмкүнчүлүк алышат. Азыркы шартта татыктууларды тандоо өзүнчө элдик люстрация болуп саналат.

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Зайнидин Курмановдун пикиринде, эл канчалык эрте таза талапкерлерди тандоого мүмкүн экенин түшүнүп, сезсе, саясий трансформациялар ошончолук тез болуп, реформалар натыйжа берет.

WhatsApp_Image_2025-10-21_at_16.06.55.width-800.jpg

"Парламентке бандиттик жана коррупциялашкан элементтер кирбеши керек. Эгер Жогорку Кеңешке олигархтар келсе, андан пайда болбойт. Алар ар дайым өз чөнтөгүн ойлоп иштешет, муну тарых тастыктады.

Парламенттин өзөгү орто класстын, интеллигенциянын өкүлдөрүнөн болушу керек. Добуш сатып ала тургандардын кызматынан дароо баш тартуу керек. Анткени алар шайлоого короткон акчаны ар кандай схемалар аркылуу кайтарып алышат. Алар бийликке жарандарды коргоо, алардын кызыкчылыктарын билдирүү үчүн эмес, өзүнүн криминалдык бизнесин коргоо үчүн барышат.

Парламентке ар кандай шылуундар, авантюристтер, интригандар жана коррупциялашкан элементтер кирип кеткенде, анын бардык мааниси жана маңызы жоголот. Азыр бийлик "Авгийдин ат сарайларын" тазалап, парламентке ой жүгүрткөн, жаңы адамдардын келишин көздөп жатат. Хандардын, олигархтардын жана коррупционерлердин заманы өттү, муну эл түшүнүшү керек. Эски ыкма менен тандоону, палоо менен сыйлап, "пакет жана конверт" менен чуркагандарга добуш берүүнү токтотуу керек. Азыр парламентке чынчыл жана татыктуу адамдар келиши зарыл.

Биз күчтүүлөрдүн жана акылдуулардын ордуна Жогорку Кеңешке көчө таптагандар менен бандиттер келгенде эмне болгонун көрдүк. Отуз жылдан бери шайлоодон шайлоого парламент деградацияга учурап келди. Муну токтотуш керек, азыр бизде конструктивдүү жана жөндөмдүү мыйзам чыгаруучу бийликке ээ болууга жакшы мүмкүнчүлүк бар", - деп баса белгилейт Зайнидин Курманов.

Юридика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги Чолпонкул Арабаев “Кабар” агенттигине берген комментарийинде коррупцияга каршы күрөш жогорку жакта гана эмес, эл тарабынан да колдоого алынышы керектигин белгиледи. Ал эми шайлоо – бул жөнөкөй жарандардын чечүүчү сөзү айтыла турган маанилүү учур.

1175195.acfdc6e4185de5d70ccb1cefbf1bdcb0 (1).jpg

“Алдыдагы Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо дагы, албетте коррупцияга каршы күрөштүн эң маанилүү этабынын бири, мамлекеттик бийликтин биринчи милдети. Бул жагынан коррупцияга каршы күрөш жаңы нукта уланууга тийиш.

Ошондой болсо дагы коррупцияны тамырынан кыркыш үчүн жалпы эл, коомчулук сөзсүз түрдө тикелей катышып туруусу абзел. Алдыда келе жаткан шайлоо коррупцияга каршы күрөштүн башкы даярдык деп дагы айтсак туура болот.

Себеби, Жогорку Кеңеш өлкөбүздүн парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөлдүк иш милдеттерин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган. Мындай жогорку бийлик органына келе турган депутаттар элдин элегинен иргелип өткөн, эң таланттуу, илим-билимдүү, элибиздин салтын, наркын, мекенчил, жеке жоопкерчиликти сезе билген, өлкөбүздү кубаттуу мамлекетке айландырууга бардык күч аракетин жумшай турган, жыйнаган турмуштук иш тажрыйбасы мол болгон жаран гана элдин өкүлдөрү болуп келсе, коррупцияга каршы күрөш дагы ошончолук катуу уланат, кескин азаят деген чоң үмүт бар.

Эгерде мурунку адат менен акча-тыйындуулар, байлар депутаттык орунду сатып алабыз, элдин добушун ар кандай мыйзамсыз жолдор менен алса болот деген эчак эскирип бүткөн принциптеринен кескин баш тартышы керек.

Мыйзам жазыш ар бир эле жарандын колунан келе бербей турган иш. Жогорку Кеңештин депутаты эң жогорку саясий кызмат. Ошондуктан бул кызматтын дагы макамы, көтөрө турган жүгү дагы оор, аны көтөрө аламбы же көтөрө албаймбы, ошонун баркына жетемби деген гана адамдар депутат болуп келиши керек. Бир кездеги баягы акчага сатып алып, анан ошону чыгарып алам, кеткен чыгымды эки-үч эсе актайм деген ойдон алыс болуш керек. Андайлардын мезгили өттү. Бул туурасында мамлекет башчысы мыкты саясий эркин билдирди”- деп айтты Чолпонкул Арабаев.

Эксперттердин пикиринде, бул жолку саясий өнөктүк Кыргызстандын ар бир жараны үчүн абдан маанилүү. Шайлоочулар жарандык милдетин аткарууга жоопкерчилик менен мамиле кылышса, татыктуу Жогорку Кеңештүү болот. Демек, келечектеги парламенттин сапаттык курамы коомдун өзү татыктууларды шайлоого даярбы же жокпу, деген суроого түздөн-түз көз каранды.