Эки-үч жума мурун интернет жана социалдык түйүндөр аркылуу коомду радикалдаштыруу максатында бийликти жамандоо үгүттөрү башталган. Мунун артында тургандар парламенттик шайлоого жана алардын жыйынтыктарын жарыялоого чейин аудиторияны эмоционалдык жактан «кызытып», керектүү деңгээлге жеткириши керек болчу. Социалдык тармактарда өрчүп кеткен агрессивдүү маалымат кампаниясы, эксперттер белгилегендей, троллдордун жана фейк аккаунттардын көп катышуусу менен маалыматтык согуштун ачык белгилерин көрсөттү.
Ал эми, бул жолку кырдаал ИИМдин маалыматына караганда, кадимки саясий кайым айтышуулардан алда канча олуттуу мүнөзгө ээ болгонун көрсөтүп, бир топ шектүү жарандар кармалышты. Алар өлкөдөгү туруктуулукту бузууга жана шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет жасаганын тергөө ачыктады. Алардын арасында Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү да бар экени айтылууда.
Өз убагында демократияны, укук жана эркиндиктерди жактаган жаңы муун катары көргөзүлгөн бул топтун айрым мүчөлөрү Конституцияга каршы аракеттерди талкуулап жүргөнү тергөөнүн материалдарында белгиленди. Алар президенттикке өз талапкерин алып чыгуу, саясий ролдорду бөлүштүрүү жана нааразылык акцияларын координациялоо сыяктуу маселелерди жабык форматта сүйлөшкөнү ачыкталды.
Коопсуздук боюнча эксперт Эдил Марлис уулунун баамында, мындай радикалдашуу мурдагы саясий тажрыйбанын кыйшык модели менен түздөн-түз байланыштуу.

«Белгилүү күчтөр өздөрүнө окшош жаштарды тарбиялап алышкан. Ошондон улам агрессия, анти-мамлекеттик риторика пайда болду. Баарыбыз Сапар Исаков премьер болуп турган мезгилди эстейбиз. Эгер ал таптаза болсо, эмне үчүн Кыргызстанга келип, сотто өз актыгын далилдебейт? Ким бул адамдарга жети миллион калктын атынан чечим кабыл алуу укугун берди?»,-дейт ал.
Эксперттин айтымында, «кимди болбосун коюп коёбуз» деген пикирдин өзү коомдун саясий жетилгендигин эске албаган эски ыкмаларга кайтуу аракети.
Тергөөдө сүрөттөлгөн план адистер көп жолу талкуулап келген технологияларга окшош. Анын негизги ыкмалары – шайлоо жыйынтыгына алдын ала нааразычылык жаратуу, соцтармактарда эмоцияны күчөтүү, фейктер аркылуу бийликти каралоо, ар түрдүү көйгөйлөрдү бир негативдүү фонго айкалыштыруу жана шайлоодон кийин митингдерди уюштуруу болгон.
ИИМдин маалыматына караганда, шектүүлөрдөн акча, курал жана баңгизаттар алынган — булардын баары көчө башаламандыктарына даярдык катары бааланууда.

Шайлоого 2–3 жума калганда социалдык тармактарда бийликти катуу сынга алган, эмоцияга таянган контент көбөйдү. Эксперттер муну уюшкан кампаниянын белгиси катары баалашты.
Фейк баракчалардын жана троллдордун активдүүлүгү бир нече маселени — жарыктын өчүшү, эттин кымбатташы, Кытай темасы жана майнингди — бир бүтүн кризистик фон катары тартуулоого аракет жасаганын көрсөттү.
Расмий маалыматка ылайык, шектүүлөр шайлоодон кийин өлкөнүн түштүгүндө башталып, бара-бара Бишкек жана башка аймактарга жайыла турган митингдерди уюштурууну көздөшкөн.
ИИМдин билдирүүсүндө конституцияга каршы чакырыктар, административдик жана күч түзүмдөрүнүн объектилерине кол салуу, медиага басым жасоо жана кылмыштуу структуралардын катышы белгиленген.
Ондон ашык адамдын кармалышынан кийин ИИМ бул топтун башка мүчөлөрүн жана каржылоонун булактарын аныктоо ишин улантууда.
Бир катар саясат таануучулар бул окуялар ички эле күчтөрдүн аракетинен улам эмес, айрым тышкы оюнчулар үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн экенин белгилешет. Геосаясий процесстерде активдеше баштаган Кыргызстанды кайра артка кайтаруу аракеттери болушу ыктымал деген пикирлер да бар.
Экономика жана бизнес боюнча эксперт Сергей Пономарев мындай дейт:

«Инвесторлор митингдерди дайыма кооптонуу менен кабыл алышат. Бул Кыргызстанга гана мүнөздүү эмес. Стабилдүүлүк — өнүгүүнүн башкы шарты. Эгер башаламандык башталса, эң оор жүк жөнөкөй адамдардын мойнуна түшөт. Экономикалык жоготуулар чоң болот»,-дейт ал.
Талдоочулардын баамында, Кыргызстандагы ар бир төңкөрүш өлкөнү ондогон жылдарга артка сүрөп, элдин жашоосуна түз сокку урат.
Кыргызстан шайлоо алдында ар кандай политтехнологияларга, маалыматтык чабуулдарга жана эмоциялык манипуляцияларга дуушар болорун бул окуя дагы бир жолу далилдеди.
Эксперттердин пикири боюнча, туруктуулукту сактоонун эң натыйжалуу жолу — шайлоолорго активдүү катышуу жана өлкөнүн келечегин мыйзамдуу, демократиялык жол менен аныктоо.