Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо өлкөнүн саясий системасы жаңы өнүгүү баскычына өткөнүнүн маанилүү көрсөткүчү болду. Шайлоо жараяны тынч өтүп, нааразылыктарсыз, жаңжалдарсыз жана 2005, 2010 жана 2020-жылдардагыдай курч саясий кризистерсиз жыйынтыкталды.
Шайлоолор көп учурда бийликтин алмашуусуна алып келген. Ал эми бул жолку тажрыйба Кыргызстан үчүн символдук мааниге ээ болду. Бул өлкөдө шайлоо маданияты бышып, жарандардын жана мамлекеттик органдардын ачык-айкын процедураларга даярдыгы жогорулап, эски адаттардан акырындап арылып жатканын көрсөттү.
Учурдагы шайлоолордун негизги өзгөчөлүгүнүн бири – бийлик шайлоо кампаниясын мүмкүн болушунча таза өткөрүүгө болгон саясий эркин көрсөтө алды. Президент Садыр Жапаров бир нече ирет баса белгилегендей, коомдук ишенимди чыңдап, Кыргызстанга мүнөздүү шайлоодон кийинки туруксуздукту болтурбоонун бирден-бир жолу — ачык жана атаандаштыкка негизделген шайлоо чөйрөсүн түзүү.
Мындай мамиле стратегия жактан туура чечим болду. Себеби кандай гана кысым же адилетсиздик болбосун, бул кайрадан элдин нааразы болушуна алып келмек. Тарых көрсөткөндөй, Кыргызстанда бурмалоолорго чыдамдуулук аз. Ошондуктан бийликтин ачык-айкындыкты тандаганы негизинен, өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоо үчүн жасалган кадам.
Ошол эле учурда Жапаров бирден-бир олуттуу көйгөйдү, добуш сатып алуу фактыларын белгилеп өттү. Айрым мыйзам бузуу учурлары катталганын, алардын ар бири боюнча принципиалдуу иликтөө жүргүзүлөрүн айтты. Бул "саясий элиталарга" берилген олуттуу белги: “жеңишти сатып алуу” көнүмүш практика болбош керек.
Кыска үгүт мөөнөтү талапкерлер үчүн өзүнчө бир сыноо болду. Чектелген убакыт шартында алар добуш берүүчүлөргө мурдагыдан алда канча жакын иштөөгө аргасыз болушту. Алар үймө-үй кыдырып, короолордо жолугушууларды өткөрүп, ачык талкууларга катышып, өз программасын түз эле түшүндүрүүгө туура келди. Бул өлкөнүн саясий маданияты өзгөрүүнү улантып жатканын көрсөтөт. Шайлоочу партияларга эмес, талапкердин жеке сапаттары менен жеке аброюна көбүрөөк көңүл бура баштады.
Кыргызстанда көп жыл партиялык тизмелер колдонулуп келген. Ошондуктан бул өзгөрүү элге жакын демократияга өтүү дегенди түшүндүрөт. Эми ар бир саясатчы өз округу менен тыгыз байланышта болуп, анын жашоосуна түз аралашып турушу керек.
Дагы бир айта кетүүчү жагдай, шайлоо процессинин техникалык жагына чоң көңүл бурулду. Добуштарды эсептөөнүн автоматташтырылышы, адам факторунун мүмкүн болушунча азайышы жана идентификация механизмдеринин колдонулушу документтерди жасалмалоо менен кош добуш берүү жана “карусель” сыяктуу ыкмаларды дээрлик жок кылды.
Өлкө башчысынын айтымында, бул шайлоо өзгөчө шайлоо, анткени шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылган.
“Адам фактору катышпайт. Мурда бюллетендер кол менен басылып чыгып, аймактарга жеткирилчү. Анда ар бир тилкеде 50-100дөн бюллетенди ашыкча алып коюп, аларды бир талапкерге белгилеп салып коюшуп, өткөрүп жиберишчү. Азыр андай жок. Келген жерден компьютер өзү бюллетень чыгарып берет, бардыгын компьютер эсептейт жана кечинде жыйынтыгын компьютер чыгарат. Кыскасы адам фактору аралашпайт”, - деди Садыр Жапаров.
Президент белгилегендей, мурда ачык колдонулуп келген административдик ресурс бул жолу дээрлик колдонулган жок. Бул шайлоочуларга кысымды олуттуу кыскартып, жыйынтыктарга болгон ишенимди жогорулатты.
2021-жылдагы караганда бул жолку шайлоодо добушун бергендердин саны бир аз жогору болду. Айрыкча чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын активдүүлүгү байкалды. Бул мигранттардын саясий жоопкерчилигинин өсүп жатканын, алар өлкө калкынын олуттуу бөлүгүн түзөрүн жана экономикага зор салым кошоорун тастыктайт. Бул факторлордун баары коомдун саясий жетилүүсүн күчөтүп жатканын көрсөтөт.
Эл аралык уюмдардын байкоочуларынын баамында, шайлоодо процедуранын ачыктыгын, участкалардагы тынч атмосфераны жана жарандардын процесске болгон жогорку ишеними билинип турду. Бул саясий эрк бар жерде кыргыз шайлоо системасы эл аралык стандарттарга шайкеш иштей аларын далилдеген маанилүү баа десек болот.
Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын улуттук коопсуздук боюнча Туруктуу комиссиясынын мүчөсү Анатолий Булавко Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорду байкоо үчүн келген ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын мониторинг тобунун курамында болуп, өз байкоолору менен бөлүштү.
“Кыргызстанга келер алдында өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын дыкат изилдеп чыктым жана алардын кемчиликсиз аткарылып жатканын ишенимдүү айта алам. Бул демократиянын да, жалпы өлкөнүн ийгилигинин да негизги шарттары”, — деп белгиледи Анатолий Булавко.
Мажоритардык система шайлоочуларды партия эмес, талапкердин жеке сапаттарына карап добуш берүүгө түртөт. Ошондуктан эл биринчи кезекте талапкердин жасаган ишине жана жеке аброюна көңүл бурду.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына көз чаптырсак, парламенттин болжол менен жарымы жаңыланды. Депутаттардын 50%дан ашыгы мурдагы чакырылыштын өкүлдөрү, калган бөлүгү — жаңы адамдар. Мындай пропорция өткөөл мезгил үчүн оптималдуу деп эсептелинет. Себеби, институттук тажрыйба жана иш ыргагы сакталып калат. Ошол эле маалда жаңы идеяларды алып келе турган жүздөр пайда болот жана ар бир депутаттын өз округу алдындагы жеке жоопкерчилиги жогорулайт.
Бул жолку шайлоолордун эң башкы жыйынтыгы — кризистин жок болушу. Чындыгында, үгүт мезгилинде же добуш берүүнүн алдында кырдаалды олку-солку кылуу аракети болгон, бирок бийлик өз учурунда чара көрүп, ар кандай антиконституциялык аракеттердин алдын алды.
Өлкө шайлоодон кийинки күндү тынч маанайда тосуп алды. Таза шайлоо коомдук нааразылык жаратпашын, ачык-айкын процедура жаңжалдын деңгээлин төмөндөтүшүн, коом менен бийлик цивилизациялуу саясий атаандаштыкка даяр экенин айгинеледи.
Бул шайлоолордон кийин өлкөдө ишенимге, туруктуулукка жана чыныгы атаандаштыкка таянган жаңы саясий адаттын башталышы мүмкүн.