Сейил бактар негизинен кичинекей балдардын жана жаштардын сүйүктүү жери экендиги талашсыз. Биринчи кезекте алар аны жагымдуу маанай, адреналин тартуулоочу аттракциондору үчүн жакшы көрүшөт. Ошол эле маалда бизди бул көңүл көтөрүүчү механизмдердин коопсуздугу да ойлондурбай койбойт. Себеби, дүйнө жүзүндө аттракциондорго байланышкан миңдеген кырсыктар катталат.
Мындай кырсык 31-мартта Бишкектеги И.Панфилов атындагы сейил бакта катталып, аттракциондордун биринен 19 жаштагы кыз кулак кетип, алган оор жаракаттардан улам ооруканага түшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Мындан улам “Кабар” агенттиги борбор калаадагы оюн-зоок аттракциондорун иштеткен парктар, алардын коопсуздугу жөнүндө маалымат алуу үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына кайрылды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын башчысы Медетбек Анарбек уулунун айтымында, 2018-жылдан бери парктарды текшерүүгө мораторий жарыялангандыгы үчүн Панфилов паркында текшерүү иштери убактылуу жүргүзүлгөн эмес. Бирок убак-убагы менен эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турган. Мораторий аяктаганына байланыштуу инспекция 1-апрелде аталган паркты текшерүүгө бармак.
Анын айтымында парктагы аттракциондор негизинен эксплуатацияга берилерден мурун стандарттарга шайкештиги боюнча текшерүүдөн өтөт. Алардын кандай материалдардан жасалгандыгы, темиринин, тростторунун бышыктыгы текшерилет. Ошондой эле буга чейин сейил бактарды мындай кырсыктар катталган эмес.
“Борбор калаада учурда И.Панфилов атындагы сейил бакта гана аттракциондор бар. Буга чейин Фламинго жана Асанбай парктарында болгон. Бирок Фламинго паркындагылар алынган. Ал эми Асанбай, Гейдар Алиев атындагы азербайжан-кыргыз достугу сейил бактарына аттракциондор орнотулат. Бирок азырынча парктар колдонууга бериле элек”, - деди ал.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан сырткары парктарга шаар мэриясынан, аймак боюнча райондук администрациялардан көзөмөл жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилип турат.
Бишкек мэриясы берген маалыматка ылайык, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин адистери ижарачы менен парктын аймагындагы аттракциондорду талапка ылайыкташтыруу үчүн бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Биринчи май райондук администрациясы дагы эскертүүлөрдү берип турган. Ошондой эле бүгүн мэрия аталган ижарачы “Детские развлечения” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимди токтотконун билдирди.
Андан сырткары, бул окуядан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине коопсуздук талаптарына жооп бербеген, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган аттракциондордун ишмердүүлүгүн токтотуунун бирдиктүү тартибин тез арада иштеп чыгууну тапшырды. “Детские развлечения” ЖЧКсына 35 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, механикалык аттракциондордун иши токтотулду. Окуяга юридикалык баа берилет.
Бишкек шаарында жалпысынан ондон ашык сейил бак бар. Панфилов сейил багы советтик аскер башчы Ива́н Васи́льевич Панфи́ловдун атын алып жүрөт жана тарыхый-маданий мекеме болуп саналат. Анын тарыхы IXX кылымга барып такалат. Учурда сейил бакта 41 аттракцион, анын ичинен механикалык 14 аттракцион, 27 жөнөкөй аттракцион (батут, селкинчек ж.б.с) иштейт.