Бүгүнкү күндө балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы, алардын кооптуу жүрүм-туруму кызуу талкууга алынып келет. Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли 2025-жылы 101 өспүрүм өз өмүрүнө кол салганын билдирди. Негизги себеп психиканын бузулушу. Дарыгер өспүрүмдөрдүн 33 пайызы үмүтсүз жана капалуу абалда жашап жатканын айтат. Жүргүзүлгөн башка изилдөөлөрдүн көрсөткүчү да көңүл жубатарлык эмес. Андыктан балдарды сергек жашоого тартуу учурдун талабы.
Жаңы муундун психикалык ден соолугу, сергек жашоо жана коркунучтуу адаттар боюнча түшүнүгү кайсы деңгээлде экенин билүү маанилүү. Бул өспүрүмдөр арасындагы баңгизат колдонуу, алкоголдук ичимдик сыяктуу терс адаттардын, кылмыштуулуктун, кооптуу жүрүм-турумдун, психикалык бузулуулардын алдын алууга жардам берет.
2022-жылы Кыргызстандын Эне жана баланы коргоо улуттук борбору ЮНИСЕФ менен бирге “Мектеп жашындагы балдардын ден соолугуна карата жүрүм-туруму” аттуу изилдөө жүргүзгөн. Сурамжылоого Кыргызстан боюнча 344 орто билим берүү мекемесинен 10-16 жаштагы 9 649 өспүрүм катышкан.
Изилдөөдө балдардын ден соолугуна коркунуч жарата турган жүрүм-турумуна басым жасалган. Алсак, 11-15 жаш арасындагы өспүрүмдөр бир жылда кеминде 3 жолу мушташа турганын билдиришкен. Мушташ балдар арасындагы зомбулуктун кеңири тараган түрү экени белгилүү.
Зыяндуу адаттардын дагы бири боюнча көрсөткүчкө келсек, 15 жашка чыккыча жок дегенде бир жолу тамеки тартып көргөндөр 6,6%ды түзгөн. Ал эми күн сайын чылым чеккен эркек балдар 1,5%, кыздар 0,4%.
Кара куурайды жок дегенде бир жолу чегип көргөн өспүрүмдөр – 2,6%. Алардын басымдуу бөлүгү — эркек балдар. Ал эми акыркы 1 ай ичинде чеккен балдар 1,6%ды, кыздар 0,5%ды түзгөн.
Ал эми алкоголь ичип көргөн 15 жаштагы эркек балдар – 16,1%, кыздар болсо 14,1%ды түзгөн. Арактын даамын 11 жаштагы балдардын 8,3%ы, секелек кыздардын 6,7%ы татып көргөнү белгилүү болгон. Кейиштүүсү, жумасына бир жолудан көп арак ичкен балдардын бар экени — 1,1%.
Кесепеттерине келсек, сурамжылоого катышкан өспүрүмдөрдүн 16,1%ы өзүнө кол салуу жөнүндө ой келгенин, ал эми 2,7%ы өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын белгилешкен. Өзгөчө кыздарда чоңойгон сайын суицид тууралуу ойлор көбөйөрү, 15 жаштагы кыздардын 24,2%ы суицид жөнүндө ойлонгону, 4,3%ы суицидге барганы белгилүү болгон.
Изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, өспүрүмдөр арасында терс аракеттер оңой тарайт. Маселе алардын адатка айланып кетүүсүндө. Психологдор өспүрүмдөрдүн кооптуу жүрүм-турумунун тамыры үйдө экенин белгилешет. Бул ойду Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун изилдөөсү да көрсөттү. Анда окуучулардын 54,1%ы апасы менен оңой сүйлөшөрүн айтышкан. Ал эми 15 жаштагы балдар апасы менен сүйлөшүүдө кыйынчылыктар бар экенин моюнга алышкан. Ал эми атасы менен тил табыша алган балдар 39,9%ды түзөт. Ошол эле учурда кыздардын 56-58%ы, балдардын 48-50%ы гана үй-бүлөнүн толук колдоосун сезерин билдиришкен.
Психолог Сейил Калдыбаева кыргыз үй-бүлөлөрү балдары менен сүйлөшкөндөн, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн жалкоолонуп, бул милдетти коомго жана мектепке жүктөп салышканын белгилейт.
“Бул көйгөйлөрдүн тамыры бала менен ата-эненин ортосундагы жакын жана терең мамиленин жоктугу деп айтат элем. Изилдөөдө да балдардын жарымы гана үй-бүлөнүн колдоосун сезе турганын айтышыптыр. Мамиле ишенимдүү болбосо баланын менталдык, психикалык абалына кам көрүү мүмкүн эмес. Жыйынтыгында бала үй-бүлөсүнөн, ата-энесинен ала албаган жылуу мамилени тез, кыска убакытта ырахат алуучу нерселерден издейт. Демек, ата-эне балдар менен мамиле түзгөнгө аракет кылып, ачык суроо берип, маектешүүсү керек. Дагы бир нерсеге көңүл буруу зарыл. Баланын мээсинин кесепеттерге, чечимдерге жооп берген бөлүгү 26 жашта гана калыптанып бүтөт. Ал калыптана электе өспүрүм туура эмес жолдорго оңой эле түшүп, кесепетин ойлонбой жүрө берет.
Биз 2025-жылы Балыкчыдагы мектептерде суицидге ыктагандар боюнча тестирлөө жүргүздүк. Окуучулардын 90%ы өзүн жалгыз, эч кимге керексиз сезгенин билдирген. Алардын жан дүйнөсүндөгү сүйүү чөйчөгү толук эмес. Ошондуктан кыска убакытка ырахат бере турган, ден соолугун талкалай турган тамеки, ичимдик, клей, вейпке берилип кетиши толук мүмкүн.
Алардын зыянын биринчилерден болуп ата-эне түшүндүрүүсү керек. Терең, деталдуу, эрикпей, жалкоолонбой сүйлөшүү зарыл. Биздин ата-энелер андай эмес. Бул милдетти коомго, мектепке тапшырып коюшкан. Болбосо, ата-эненин баланы жаман адаттардан эрте куракта сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар”, — деди психолог.
2021-жылы кабыл алынган «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясында президент Садыр Жапаров келечек муунду тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчилигин белгилеген. Анда үй-бүлө, ата-эне социалдык-экономикалык жана саясий өксүктөргө, жумушсуздукка, ички жана тышкы миграцияларга карабастан жаш муундардын саламаттыгын камсыз кылуусу, руханий-адеп-ахлактык сапаттарды түптөөсү, эмгек көндүмдөрүн калыптандыруусу, терең жана мыкты билим алуусуна шарт түзүү зарылдыгы айтылган.
Мындан тышкары, 2024-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, өлкөдө электрондук тамекилерди (вейптерди) сатууга жана колдонууга толук тыюу салынган. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын 21 жашка чейинкилерге сатууга да болбойт. Мыйзам бузган соода түйүндөрүнө ири өлчөмдө айып пулдар каралган. Ошол эле учурда өспүрүмдөрдүн түнкүсүн чоңдорсуз көчөдө жүрүүсүнө тыюу салынган.
Жогоруда аталган изилдөө балдардын спортко берилүү деңгээлин да аныктаган. Анда өспүрүмдөрдүн 20,7%ы гана бир жума бою күнүнө 1 саат спорт менен машыгарын аныктаган. Ал эми балдардын 10%ы спортко жумасына 1 жолу гана көңүл бөлөрү белгилүү болгон.
Демек, балдарды сергек жашоого үндөө боюнча аракеттер системалуу жүрүп, өлкөдө спорттук инфраструктура өспүрүмдөр үчүн жеткиликтүү болуусу керек.