Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Акыркы жылдары өлкөдө мамлекеттик башкаруунун жаңы механизмдери калыптанып, элдин үнүн түз жеткирүүгө багытталган институттардын ролу өсүүдө. Алардын ичинен эң көп талкуу жараткан жана коомчулуктун көңүл чордонунда турганы — Элдик курултай. Бул институттун мааниси, анын чечимдеринин натыйжалуулугу жана келечектеги орду тууралуу түрдүү пикирлер жаралып келет. Дал ушул маселелердин тегерегинде экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, курултайдын тарыхый миссиясы, бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жана Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү орду тууралуу ой бөлүштү.

— Курултайдын мааниси, коомдогу орду тууралуу айтып берсеңиз?
— Курултай жөнүндө коомдо ар кандай ой-пикирлер бар. Кээ бири бул абдан жакшы институт дешсе, кээ бирөөлөр Жогорку Кеңеш турганда Курултайдын эмне кереги бар деген пикирлерди айтышууда. Бирок, үч жолу өткөн курултайдын жыйынтыгын карап көрүп, натыйжасы бар деп айтсак болот. Байыртадан эле кыргыз эли орчундуу маселелерди курултайда эле чечип коюшкан. Эң негизгиси курултайдан мазмундуу чечимдерди чыгарып, өнүгүү жолуна түшкөн учурлар көп эле болгон деп айтсак болот. Бийликтин демилгеси менен курултайдын өтүүсү бул өзүнчө жакшы бир аянтча. Көрүп турганыбыздай, курултайга көп укуктар берилди.
Мисалы, мыйзамдын негизинде көп нерселерде чектөөлөр бар. Бирок, ошондой болсо да 2 күндүк курултайда мазмундуу, эл ичиндеги орчундуу көйгөйлүү маселелердин баары айтылып, бийликке түз жетип жатты. Негизи бийликтин табияты мындай, ал өйдөдө турганда ылдый жактагы айрым маселелер жетпей калышы мүмкүн. Үч сапар курултайда көргөнүбүздөй, президент курултайдын башынан аягына чейин отуруп эл өкүлдөрүнүн маселесин угат. Андан тышкары, аянтчада министрликтин өкүлчүлүктөрү уюштурулуп, элдин тиешелүү маселелерин кабыл алышууда. Курултайда көйгөйлөрдүн бардыгы айтылып эле калбастан, өзүнчө китепке киргизилип, тизмеленип да чыгууда. Эң негизгиси курултайда айтылган маселелердин чечимдери да көрсөтүлүүдө.
— IV Элдик курултайда кандай негизги маселелердин көтөрүлүшү кажет?
— Акыркы 3-4 жылдын ичинде өлкө экономикасынын өсүшү менен бирге жол, суу маселелери чечилип, мектеп, бала бакчалар салынып, айлык маяналар көтөрүлүүдө. Бул учурунда көйгөй жаратып келген маселелердин бардыгына мамлекет биринчи ирет көңүл бура баштады. Эми негизгиси үчүнчү курултайдан кийин жыйынтык бар деп айтып кетсек болот. Демек, буга чейинки курултайлар бекер өтпөптүр, жыйынтыгын берип жатат деген кеп. Бирок, төртүнчү курултай болуп жаткандан кийин биз дагы ой-жүгүртүүбүздү өзгөртүшүбүз керек. Анткени, дайыма эле майда барат көйгөйлөр менен алектене берсек мазмундуу, келечектүү маселелерди жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан стратегиялык ири маселелерди ойлонуп, ишке ашыруунун убагы келди. Кыргызстандын 20-30 жыл алдыдагы келечеги кандай болот? Кайда барабыз? Кандай адамдык ресурс менен өнүгүүгө жетишебиз? деген өңдүү суроолорду ойлонушубуз керек. Адамдын жашоосуна түрткү боло турган мазмундуу маселелерди көтөрүүнүн убагы келди.

— Курултайда көп жылдан бери чечилбей келген социалдык маселелердин көтөрүлүшүнө аткаруу органдарынынын чабалдыгы себеп болуудабы же майда-барат маселелерден башканы көрө албай жатабызбы?
— Эгерде жергиликтүү бийлик өз ишин так аткарып, эл менен тыгыз иш алып барса бул курултайдын деле зарылчылыгы жок болмок. Ал эми бизде көп учурда каражат жетишсиз же иштеп жаткан кызматкерлердин билим деңгээли төмөн болуп, айрым учурларда иштей албай көйгөйлөр көп эле болуп жатат. Бирок, аймактык-административдик реформалар жүрүп, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин иши өзгөрө баштады. Азыркы бийлик эң талылуу, көйгөйлүү жерлерди билип, ошолорду оңдоп жатат. Мына Ош шаарынын мэрин, башка мэрлердин да кантип иштеп жатканын көрүп турабыз. Алар үлгү катары иштеги темпти көрсөтүп жатышат. Ишенимди актап элдин көйгөйүн чечип, иштейли деген көрүнүштөр байкалууда. Ушул багытта акырындык менен өлкөбүз өнүгөт деген ишеним чоң.
— Парламент көрбөй, аткаруу бийлигинин колу жетпей жаткан жерге курултайдын үнү жетеби?
— Курултайдын зарылчылыгы тууралуу айтсак, илгери ата-бабаларыбыз парламент же башка аткаруу органы жок кезде курултайга чогулуп, маанилүү маселелерди көтөрүп, чечип келишкен. Алдыңкы 20-30 жылда кайсы багытта өнүгүшүбүз керек? Кандай мамлекет болушубуз керек? Азыр биз ушул маселелерди көтөрүп, талкуулашыбыз шарт. Аталган маселелерди көтөрө турган, айта турган аянтча бул — курултай. Ооба, буга чейинки курултайларда негизинен социалдык маселелер көп көтөрүлүп келди. Албетте, бул курултайчылардын үнү аткаруу бийлигине жетип жатканынын белгиси. Мамлекетибизде көп стратегиялар түзүлүп жатат. Ошол стратегиялар тууралуу бул курултайдын аянтчасында көбүрөөк айтышыбыз керек. Мындан тышкары, балдарыбызга кандай тарбия берип, адеп-ахлактарды кандай сиңиришибиз керектигин да талкуулашыбыз керек.
Белгилей кетсек, IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо жараяны аяктап, өлкөдөгү 231 айыл аймактан жана 33 шаардан 700 делегат шайланды. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, быйыл IV Элдик курултай 25-декабрда Бишкек шаарында өтөт.