Маданиятка салынган миллиарддар: Жаңы жабдыктар жана аншлаг менен өткөн мюзиклдер

Элдик курултай Загрузка... 01 Апрель 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасы бекитилди. Анын максаты маданият, маалымат, жаштар саясаты жана кыргыз киносу тармагынын өлкөдөгү социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөргө таасирин күчөтүү. Жарандардын маданий баалуулуктарга жетүүсүн камсыздоо жана чыгармачылык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү иштери аймактардан келген делегаттардын Элдик курултайдагы кайрылууларын да камтыйт.

Ондогон жылдар бою маданият тармагындагы эң чоң көйгөй каражат маселеси болуп келгени маалым. Алсак, 2010-жылы искусство багытына болгону 440 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, 2021-жылга чейин бул сумма 2 миллиарддан ашкан эмес. Ал эми 2025-жылы бюджет дээрлик 7 миллиард сомго жетти.

WhatsApp Image 2026-04-01 at 14.35.08.jpeg

Натыйжада акыркы жылдары маданият тармагы материалдык жана мазмундук жактан өз дараметин көрсөтө алды. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында коюлуп жаткан "Раймалы менен Бегимай", "Жамиля", "Сүймөнкул" мюзиклдери коомчулукта чыныгы жаңылык жаратты. "Раймалы менен Бегимай" мюзикли 10 млн сомго даярдалып, кыска убакытта 30 миллиондук касса чогултту. Белгилей кетсек, филармониянын акустикасы 33 млн сомго алмаштырылган.

Ал эми А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрындагы жабдыктар 60 млн сомго жаңыртылып, дүйнөлүк пианисттер үчүн 25 миллион сомго Steinway роялы сатылып алынган. Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына дээрлик 80 млн сом бөлүнүп, масштабдуу реконструкция жүрдү. Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрына 300 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, капиталдык ремонттон өттү. Ошондой эле Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахна жабдыктары 30 млн сомго жаңыртылды.

Аймактардагы курулуштар жана оңдоп-түзөө иштери

Маданият объекттерин куруу жана оңдоп-түзөө иштери азыр да уланууда. Атап айтканда, Бишкек, Талас, Ош шаарларында, ошондой эле Ала-Бука, Таш-Көмүр, Ак-Талаа жана Кочкор райондорунда иштер жүрүп жатат. Региондордун кайсы айыл, шаарларына маданият мекемелери курулушу керектиги боюнча 2025-жылдын соңунда өткөн IV Элдик курултайдын делегаттары да кошумча сунуштарын беришкен. Маданият министрлигине жалпысынан аймактардан 82 кайрылуу түшкөн. Арыздардын арасында маяна маселеси да бар. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров маданият кызматкерлеринин айлыгы 2026-жылдын апрелинен тарта 100% көтөрүлөрүн билдирген.

"Курултай делегаттары Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылына, Жумгал районунун Чаек айылына, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылына, Манас районуна, Кара-Суу районунун Куршаб жана Отуз-Адыр айылдарына, Лейлектин Коргон айылына маданий-агартуучу усулдук борборлорду, райондук театрларды, маданият үйлөрүн, музейлерди жана башка маданий борборлорду куруп берүүнү суранышты.

Ошондой эле делегаттар аймактарда жаңы маданият үйлөрүн, китепканаларды, балдардын музыкалык мектептерин куруу, мекемелерди капиталдык ремонттон өткөрүү жана кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Мындан сырткары, музейлерди, тарыхый-маданий мурастарды, искусство жана китепкана тармагын өнүктүрүүнүн заманбап багыттары боюнча тыгыз иш-чараларды өткөрүүнү сунушташкан.

Маданий борбор куруу алгач район борборлорундагы авариялык абалда турган имараттардын ордуна же маданият үйү жок райондордо ишке ашырылат. Аталган объекттер толук бүткөрүлгөндөн кийин айылдык аймактарда типтүү борборлорду куруу маселеси каралат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу объекттерди куруу жана реконструкциялоо боюнча "Бирдиктүү заказчынын" милдетин аткарат", — деп билдирди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Аймактардагы курулуш иштери Маданият министрлигинин 2030-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясында да орун алган. Ага ылайык, жыл сайын 50 маданият объектиси капиталдык оңдоодон өтүп турат. Өлкө боюнча 50 музыкалык мектеп тургузулуп, 50дөн ашык мекеме эмерек, техника жана музыкалык аспаптар менен жабдылат. Ошондой эле республика боюнча 30 "Маданият ордо" борборлору курулат. Анын ичинде китепкана, музей, жаштар борбору, кинотеатр жана музыкалык ийримдерди ачуу каралган. Жыл сайын 10дон ашык маданият кызматкери чет өлкөгө окууга жиберилип, 100дөн ашыгына англис тили үйрөтүлөт. Мындан сырткары, 2030-жылга чейин кыргыз жана дүйнөлүк адабиятынан 1000ден ашык китеп чыгарылат.

Учурда маданият тармагы ушул жылы өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагындагы маданий окуяларды уюштурууга даярданууда.