ӨКМдеги өзгөрүүлөр: Заманбап имараттар жана жаңыланган техникалык база

Элдик курултай Загрузка... 08 Апрель 2026 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда биринчи жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инфраструктурасын жаңылоо боюнча масштабдуу программа ишке ашырылууда. Атап айтканда, өлкө боюнча 12 жаңы өрт-куткаруу бөлүмүнүн имараттары курулуп жатат. Мындан башка ар кыл багыттагы жүздөгөн объекттерде курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. ӨКМдин жеке курамы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү саясаты президент Садыр Жапаровдун системалуу колдоосу менен 2021-жылдан бери ишке ашырылып келет. Кыргызстандын аймактарында өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча кайрылуулар 2025-жылдын декабрь айында өткөн IV Элдик курултайда да түшкөн.

Учурда Кыргызстан боюнча 92 өрт-куткаруу бөлүмү иш алып барат. Айрым имараттар союз маалында курулгандыктан эскилиги жетип, өрт өчүрүүчүлөр үчүн тардык кылып калганы маалым. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инфраструктурасын жаңыртуу боюнча долбоор жоокерлердин ыңгайлуу жана коопсуз кызмат өтөөсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Объекттердин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жаңы бөлүмдөр заманбап талаптар менен бир жана эки кабаттуу болуп салынат. 2026-жылдын 1-июлуна карата дээрлик 12 өрт-куткаруу имараты ишке берилгени турат.

Өзгөчө кырдаалдар тармагында инфраструктураны жакшыртуу жана кеңейтүү маанилүү. Анткени иш негизинен айттырбай келген жаратылыш кырсыктарына, табиятка шалаакы мамиледен чыккан кооптуу абалдарга жана адам өмүрүнө байланышкан. 2025-жылы өзгөчө кырдаалдар жана кооптуу аймактар боюнча иштерди жакшыртуу максатында 6 автоматташтырылган метеорологиялык станция, 1 суу радары орнотулган. Жалпы республика боюнча 5 кар көчкү станциясы болсо, дагы кошумча 2 станция ачылган.

Сел жана суу ташкындарынан коргоо үчүн 56 объектте тосмолор салынып, жыйынтыгында миңдеген үйлөр жана чарба аянттары корголгон. Тосмолор токойлорду коргоо максатында да салынып жатат. Токойлордо биринчи жолу тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулуп, токой өнүмдүүлүгү 90%ды түзгөн.

Материалдык базаны чыңдоо боюнча айтсак, айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо максатында 2025-жылы 5 млн сомдон ашык каражатка бюджеттин эсебинен жабдыктар алынган. ӨКМдин 112 кызматынын жабдуулары жаңыланып, санарип маалыматтык системалар иштелип чыкты. Авиациялык издөө-куткаруу кызматында тик учактар жаңыланып, жаңы ангарлар курулган. Ал эми Байтик аэродромунда реконструкция жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2026-04-08 at 11.43.20 (1).jpeg

IV Элдик курултайдын ӨКМдин иш планына кирген тапшырмалары

Кыргызстандын кайсы райондорунда өзгөчө кырдаалдардан, кооптуу абалдардан сактанууга муктаждык бар экени туурасында 2025-жылдын декабрында Бишкекте өткөн IV Элдик курултайдын аймактардан келген делегаттары да сөз кылышкан. Аймак өкүлдөрүнөн ӨКМге жалпысынан 52 кайрылуу түшкөн. Алар негизинен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу объекттерине байланыштуу.

“Элдик курултайда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандардан суроо жана сунуштарды кабыл алуу бурчу уюштурулган. Эң көп кайрылуу Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген делегаттардан түштү.

Делегаттардын 12 кайрылуусу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылы аткарыла турган иш-мерчемине кирген объекттер. Алар үстүбүздөгү жылы ишке ашырылат. Ал эми 12 кайрылуу жер-жерлерде өрт өчүрүү бөлүмдөрүн ачууга байланыштуу болду.

Кайрылуулардын арасында жер алдындагы кыртыш суулар боюнча арыздар да бар. Айтмакчы, учурда Талас облусундагы коллектордук дренаж тутумдарын тазалоо жана калыбына келтирүү боюнча жумуштар жүрүп жатат. Мындан сырткары токой кызматына тийиштүү кайрылуулар да түштү.

Аймактардан келген делегаттардын бир катар арыздары боюнча жыйынтыктар атайын адистер жерине баргандан кийин чыгат”, — деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

WhatsApp Image 2026-04-08 at 11.43.19.jpeg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана талдоо бөлүмү “Кабар” агенттигине табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында 2026-жылдагы иштерге каналдарды механикалык тазалоо, жаңы суу алып өтүүчү каналдарды казуу, сел тосмолорун механикалык тазалоо, габион торчолор менен курулмаларды жана жээктерди бекемдөө боюнча 200 объект киргизилгенин маалымдаган. Ал эми капиталдык курулуш багытында дарыяларда дамба, шпора куруу, дамбаларды капиталдык оңдоо 35 объектте жүрөт.

Ошондой эле учурда бюджеттик баасы 39 млн долларды түзгөн 46 объектте дренаждык системаларды, дамбаларды куруу менен көчкү тилкелерин коопсуз абалга келтирүү жумуштары аткарылууда. Аталган долбоор 2028-жылга чейин белгиленип, жер көчкү эң көп катталып, кооптуу деп эсептелген Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймактарын камтымакчы.

Өлкө боюнча жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн саны арбын. ӨКМ элди көчүрбөстөн, туруктуу жашаган жерине калтыруу менен аймакты коопсуз абалга келтирүү аракетинде. Бул ыкма Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда колдонулуп жатат.