Иш билги адистерди даярдоо: Курултайда айтылган сунуштар ишке ашууда

Элдик курултай Загрузка... 25 Март 2026 19:00
WhatsApp Image 2026-03-25 at 17.39.13.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги тармакты 2026–2030-жылдар аралыгында өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгууда. Жаңы стратегияга ылайык илимди жана изилдөөлөрдү каржылоо жогорулап, илимий ойлоп табуулар рыноктогу реалдуу продуктуга, интеллектуалдык менчиктер жаңы технологияларга айлануусу керек. Илим, билим менен кесиптик чеберчиликти студент кезинен айкалыштыруу зарылдыгын президент Садыр Жапаров 2025-жылы өткөн Элдик курултайда да билдиргени маалым.

Соңку жылдары илим чөйрөсүндө мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүп жатканы маалым. 2020–2021-жылдардагы конституциялык реформа илимди жана жогорку билимди өнүктүрүүнү, ага мамлекеттик кепилдикти камтыды. 2023-жылы "Илим жөнүндө" мыйзам, 2025-жылы "Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Ушул эле жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, илим, инновациялар, жогорку билим берүү тармагы өзүнчө орган катары иштеп баштады. Жаңы министрликке жогорку билим берүүнү жана илимди модернизациялоо, билим берүү программаларын кайра карап чыгуу, эскирген дисциплиналарды кыскартуу, натыйжасыз багыттарды оптималдаштыруу жана заманбап экономиканын талаптарына жооп берген жаңы курстарды киргизүү милдеттери коюлган.

Бул арада Кыргызстанда илимди, жогорку билим берүүнү, интеллектуалдык менчик жана инновацияны өнүктүрүү үчүн 2030-жылга чейинки мамлекеттик программа иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Программанын максаты – илим жана билим өлкөнүн экономикалык туруктуу өсүшүн, адамдык капиталдын өнүгүшүн камсыздоосу керек.

Программада ишке ашырыла турган чаралардын башында илимге каржылоону көбөйтүү, илимий изилдөөлөрдү экономиканын энергетика, айыл чарбасы, медицина, экология, санарип технологиялар сымал негизги багыттарына айкалыштыруу, жаштарды илимге тартуу жана аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн регионалдык илимий борборлорду түзүү, инженердик, IT, педагогикалык жана медициналык, дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү жана аны эмгек рыногуна айкалыштыруу иштери жасалышы керек.

Мындан сырткары технопарктар, бизнес-инкубаторлор, FabLab лабораториялардын түйүндөрү түзүлүшү зарыл. Бул шарттар жаштардын стартаптарды түзүп, иштеп чыгууларды патенттеп, технологияларды киргизип, идеяларды коммерциялаштыруусун камсыздай турганын президент Садыр Жапаров Элдик курултайда билдирген. Жыйын 2025-жылдын 25–26-декабрында өткөнү маалым. Анда өлкө башчы Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздиги, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү жана билим берүү системасы менен экономиканын реалдуу керектөөлөрүнүн ортосундагы олуттуу ажырымга туш болуп жатканын билдирип, абалдан чыгуу жолдорун айткан эле.

WhatsApp Image 2026-03-25 at 17.39.13 (1)
“Жаштар практикалык натыйжаны көрүп, окуу учурунда эле жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга жана келечекке ишенимдүү бара тургандай билим алууну каалашат. Дуалдык билим берүү – аларга дал ушундай мүмкүнчүлүк берет. Студент убактысынын бир бөлүгүн өндүрүштө, сервисте, инженердик компанияда, курулуш объектилеринде же IT-долбоорлордо өткөргөндө, ал кесип жөнүндө теориялык түшүнүк эмес, чыныгы профессионалдык чеберчиликти да өздөштүрөт. Иш берүүчү кадрларды даярдоо багытына чогуу катышкан убакта, экономикага керектүү адистерди ошол жерден алууга шарт түзүлөт”, - деп билдирген өлкө башчы.

Курултайдын делегаттарын көбүнчө президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясы кызыктырган. Кыргызстандын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги аталган программа менен чет өлкөлүк алдыңкы ЖОЖдорду бүтүп келип, мекенинде иштеп жаткан адистер боюнча “Кабар” агенттигине маалымат берди.

“2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиялык программасы ишке ашырылууда. Программа жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга багытталган. Анын алкагында 52 стипендиат тандалып алынып, "QS World University Rankings" жана "Times Higher Education" дүйнөлүк рейтингдеринин алдыңкы 100 университетинин катарына кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында магистратура жана докторантура (PhD) программалары боюнча окууга жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө 20 стипендиат окуусун аяктады. Алардын 8и Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда (экономика, саламаттык сактоо, билим берүү ж.б.) эмгектенсе, калгандары чет өлкөлөрдө иштеп жатышат. Программа өлкө үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өбөлгө түзүп, эл аралык билимди улуттук өнүгүүгө багыттайт”, - деп билдирди Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы.

Квалификациялуу кадрларды даярдоо демекчи, өзгөчө болочоктогу педагогдорду даярдоодо Кыргызстанда жаңы багыттар киргизилери белгиленген. Алар мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн логопедия, сурдопедагогика, олигофренопедагогика, тифлопедагогика профилдери.

Ошондой эле психологиялык-педагогикалык билим берүү каралган. Бул программа тьюторлорду, педагог-психологдорду, инклюзивдик билим берүү адистерин даярдоону камтыйт. Бул чечим мектеп окуучуларына байланыштуу психологиялык-педагогикалык көйгөйлөр, балдардагы стресс, тынчсыздануу жана буллинг, ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында актуалдуу.