Сербияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт

Дүйнө Загрузка... 04 Ноябрь 2025 09:15
WhatsApp Image 2025-11-04 at 05.45.04.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. Сербиянын президенти Александр Вучич парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, президенттин айтымында, добуш берүү азыркы парламенттин мөөнөтү аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2027-жылдын декабрына чейин өткөрүлөт. Бирок, шайлоонун так датасы кийинчерээк белгиленет.

“Өлкөдөгү олуттуу азчылыкты түзгөн оппозициялык блоктордун талаптарын эске алып, биз аларды канааттандырууну чечтик. Ошондуктан шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт”, — деп белгиледи Вучич.

Эске салсак, Сербияда массалык нааразычылык акциялары 2024-жылдын 1-ноябрында Нови-Сад темир жол станциясында чатырдын кулашынын бир жылдыгында башталган. Ал кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болгон.

Май айынан тартып нааразычылык акцияларынын катышуучулары мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып келишет. Бийлик өкүлдөрү болсо бул нааразычылыктардын артында сырткы күчтөр турушу мүмкүн деген пикирде.