Сентябрь айында Ноокатта жаңы жер семирткич заводу өндүрүштү баштайт

Аймак
Сентябрь айында Ноокатта жаңы жер семирткич заводу өндүрүштү баштайт
Сентябрь айында Ноокатта жаңы жер семирткич заводу өндүрүштү баштайт
Алдыга
Артка
Сентябрь айында Ноокатта жаңы жер семирткич заводу өндүрүштү баштайт
Сентябрь айында Ноокатта жаңы жер семирткич заводу өндүрүштү баштайт
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында жылына 500 миң тонна жер семирткич өндүрүүгө багытталган ири заводдун курулушу жүрүп жатат.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, завод үч этап менен курулат.

Учурда заводдун биринчи этабы аяктап, административдик имараттын ачылыш аземи өткөрүлдү. Планга ылайык, завод 2026-жылдын сентябрь айында жер семирткич өндүрүп, толук кандуу ишке кирет.

Долбоордун жалпы сметалык наркы 260 млн АКШ долларын түзөт. Завод толук кубаттуулукта ишке киргенде 3 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.