Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүшү күтүлөт

Коом Загрузка... 25 Март 2025 13:35
unnamed_2_730x0.730x0.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 2025-жылдын 26-28-март күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.