Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Алай районунун Сопу-Коргон айылында Терек дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда дарыянын оң жээгинде 238 метр узундуктагы коргоочу курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор ишке берилгенден кийин 50 турак жай жана 3 гектар айдоо аянты сел жана суу ташкыны коркунучунан корголот.
2026-жылга карата пландын негизинде Алай районунда жалпы суммасы 14 млн 455 миң сомдон ашык болгон үч объектте курулуш иштери каралган.
Мындан тышкары, үч объектте оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, 436 метр коргоочу тосмолор жаңыланат. Натыйжада 330 кожолук жана 237 гектар айыл чарба жери сел жана суу ташкынынан корголот.
Иш сапардын жүрүшүндө министр жооптуу кызматкерлерге иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.