Сейсмолог Эгей деңизинде 7-8 баллдык жер титирөө болушу мүмкүн экендигин эскертти

Дүйнө Загрузка... 11 Ноябрь 2025 13:42
WhatsApp Image 2025-11-11 at 09.22.54 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. Түркиялык окумуштуу Сулейман Пампал Эгей деңизинин аймагында, айрыкча Крит жана Родос аралдарында 7-8 баллдык күчтүү жер титирөө болушу мүмкүн экенин билдиргенин, ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал мындай пикирин акыркы күндөрү Түркиянын батышындагы Мрамор деңизинде байкалып жаткан сейсмикалык активдүүлүккө байланыштырып айткан.

Анын айтымында, Батыш Түркиядагы Балыкесир провинциясында абал “адаттан тыш” болууда. Атап айтканда, аталган жерде күн сайын 4–5 баллдык жер титирөөлөр катталып, жакында эле эки жолу 6 баллга жеткен толкундар болгон. Ошондой эле Эгей деңизинин түштүк бөлүгүндө, Африка тектоникалык плитасы магмага жакындап, чыгыш тарапка жылууда. Бул абал Крит менен Родос аралдарынын ортосунда күчтүү жер титирөө болуу коркунучун жаратат деп болжолдойт сейсмолог.

Эскерте кетсек, 27-октябрда Түркиянын Балыкесир провинциясындагы Сындыргы шаарында 6,1 баллдык жер титирөө катталып, 4-5 балл арасында кайталанууда.

Белгилей кетсек, 1999-жылдын августунда Стамбулдун аймагында 7,6 баллдык жер титирөө болуп, расмий маалыматтар боюнча 17,2 миң адам каза болгон, расмий эмес маалыматтарда 40 миңге жакын адам набыт болуп, 45 миңи жаракат алган.