Сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо: Нарында рейд күчөтүлдү

Аймак 03 Март 2026 12:10
645811026_913065231346607_3080688410578890720_n.jpg
645712460_913065164679947_3006627895493792425_n.jpg
645715800_913065208013276_1606441370308283197_n.jpg
645762547_913065268013270_481499688852174156_n.jpg
645763355_913065054679958_3298271735889175214_n.jpg
645764383_913065041346626_3209589839028070611_n.jpg
645875191_913065044679959_3119114436041785287_n.jpg
645881975_913065148013282_7655679673181463002_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында мыйзамсыз аңчылыкка жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Рейддер коруктун мамлекеттик инспекторлору тарабынан өткөрүлүп, аймактагы жапайы жаныбарлар дүйнөсүн, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдү коргоого багытталган. Өзгөчө көзөмөл мыйзамсыз аңчылык фактыларын алдын алууга, курал-жарак жана тыюу салынган шаймандарды колдонууга бөгөт коюуга, ошондой эле жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу аракеттерин аныктоого бурулууда.

Министрлик жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тартибин так сактоого жана мыйзам талаптарын бузбоого чакырат.