Сауд Аравияда жол кырсыгынан 40тан ашуун индиялык зыяратчы каза болду

Дүйнө Загрузка... 17 Ноябрь 2025 13:30
0f92973df502267c467.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Сауд Аравияда Телангана штатынан келген кеминде 42 индиялык зыяратчы жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берип, India Today телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү таңга жуук Меккеден Мединага бараткан автобус дизель ташыган унаа менен кагылышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, сокку өтө катуу болуп, көптөгөн жүргүнчүлөр ошол жерде каза болуп, бир нече адам оор жаракат алган. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматтары келип, куткаруу иштерин жүргүзүп, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүшүүдө.

Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Ал Эр-Рияддагы индиялык дипломаттар жана Жиддадагы Башкы консулдук жабыркаган жарандарга жана каза болгондордун туугандарына бардык мүмкүн болгон колдоону көрсөтүп жатканын билдирди.