Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Сауд Аравиясы Мекке шаарында дүйнөдөгү эң ири мечит Аль-Харам мечитинин жанында 12 млн чарчы метр аянтты ээлеген ири "Падыша Салман дарбазасы" долбоорунун курулушун баштады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган долбоор өлкөнүн "Көз караш 2030" улуттук программасынын алкагында экономиканы диверсификациялоо жана Меккенин инфраструктурасын заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү максатын көздөйт.
Комплекс Улуу мечиттин жанында жайгашып, көп функциялуу борбор катары кызмат кылмакчы.
2036-жылга чейин комплекс 900 миң зыяратчыны кабыл алууга жөндөмдүү болот. Анда жабык жана ачык намазканалар, турак-жайлар, маданий мекемелер жана тейлөө кызматтары жайгашат.
Мындан сырткары, долбоордун алкагында 19 миң чарчы метр маданий жана тарыхый аймактар реконструкцияланып, 300 миң жумушчу орун түзүлөт.