Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. 2025-жылдын башынан бери Сауд Аравияда 340 адам өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу CTV телеканалы билдиргенин Коммерсант гезити жазды.
Маалыматка ылайык, бул сандар өлүм жазасына тартылгандардын рекорддук көрсөткүчкө жеткенин көрсөтүүдө.
Быйыл өлүм жазасына тартылгандардын көпчүлүгү — 232 адам баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн соттолгон.
Өлүм жазасынын көбөйүшү аталган өлкөдө "баңгизатка каршы согуштун" уланып жатканына байланыштуу деп айтылууда.
2022-жылдын аягында Падышачылык үч жылдан кийин бир катар кылмыштар боюнча өлүм жазасын кайрадан киргизген.