Сауд Аравия зыяратчылар үчүн жасалма интеллектти ишке киргизди

Дүйнө Загрузка... 26 Май 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-05-26 at 07.07.47.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Сауд Аравия быйылкы ажылык мезгилде зыяратчылардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо үчүн жасалма интеллектти жана эң акыркы санариптик технологияларды ишке киргизди. Бул тууралуу Saudi Press Agency билдиргенин Kazinform агенттиги жазды.

Өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрү зыяратчылардын агымын жөнгө салуу жана алардын коопсуздугун жогорку деңгээлде сактоо үчүн төмөнкү заманбап чечимдерди колдонгон.

Өлкөнүн бардык өткөрүү пункттарында (аэропорт, деңиз жана кургактык чек араларында) 136дан ашык тилди колдогон заманбап котормо системалары орнотулду. Бул зыяратчыларга чек ара процедураларынан тез өтүүгө көмөктөшөт.

Ыйык жерлерде элдин жана транспорттун кыймылы реалдуу убакыт режиминде видеоаналитика аркылуу көзөмөлдөнөт. Бул массалык тыгындардын алдын алууга шарт түзөт.

Дарыгерлер бейтаптардын маалыматтарын электрондук базадан тез табуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Ошондой эле жасалма интеллект оорунун белгилерин талдап, алдын ала диагноз коюуга жардам берүүдө.

Зыяратчылардын негизги санариптик куралына айланган "Nusuk" тиркемеси навигация, транспорт жана курмандык чалуу сыяктуу 130дан ашык кызматты камтыйт. Майыптыгы бар инсандар үчүн атайын сурдокотормо (жаңдоо тили) жана визуалдык колдоо көрсөтүүчү санариптик сервистер каралган.

Эске салсак, буга чейин Сауд Аравия ажылык сезонунда көрсөтүлө турган медициналык кызматтардын сапатын жана көзөмөлүн расмий түрдө күчөткөн.