Сатыев: Экологиялык иштерди көз карандысыз кароо – сот тутумунун негизги милдети

Коом 15 октябрь 2026 12:10
Сатыев: Экологиялык иштерди көз карандысыз кароо – сот тутумунун негизги милдети
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Экологиялык иштерди көз карандысыз жана калыс кароо, жаратылышты коргоо мыйзамдарын ырааттуу колдонуу жана бузулган укуктарды натыйжалуу коргоо — сот тутумунун негизги милдети. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев судьялардын экологиялык адилеттүүлүк боюнча IV жылдык конференциясында билдирди.

Анын айтымында, эл аралык тажрыйба жана улуттук деңгээлде кабыл алынган чечимдер ар бир адамдын жашоого, ден соолукка жана жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укугун коргоого өбөлгө түзүшү керек.

Сатыев өз сөзүндө Ысык-Көлдү сактоо маселесине токтолуп, акыркы 170 жылда көлдүн деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөнүн, ал эми акыркы беш жылда жыл сайын болжол менен 7 сантиметрге азайганын белгиледи. Тарыхый маалыматтар боюнча, көлгө куюп келген 101 дарыянын ичинен бүгүнкү күндө 30га жакыны гана жыл бою агат.

“Ысык-Көлдү сактоо өлкө ичиндеги күч-аракеттерди бириктирүүнү жана эл аралык кызматташтыкты талап кылат. Жогорку сот мамлекет башчысынын көлдү сактоо боюнча демилгесин толук колдойт”, — деди ал.

Ошондой эле ал 2024-жылы Жогорку соттун пленуму айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан жарандык иштер боюнча токтом кабыл алганын айтып, аны колдонуу практикасын кылдат изилдөө зарылдыгын белгиледи.

Сатыев конференциянын алкагында иштелип чыккан сунуштар күнүмдүк соттук практикага киргизилиши керектигин белгилеп, 2027-жылы экологиялык адилеттүүлүк боюнча судьялардын V мааракелик конференциясын кеңири эл аралык форматта өткөрүү сунушун айтты.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында экологиялык сот адилеттиги, эл аралык экологиялык стандарттарды колдонуу жана улуттук мыйзамдарды климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чакырыктарга ылайыкташтыруу маселелерине арналган “Туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстиндеги экологиялык сот адилеттиги: Эл аралык экологиялык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын улуттук мамилелери” аттуу судьялардын IV жылдык конференциясы өтүүдө