Сары-Булак – Соң-Көл жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү

Аймак 19 август 2026 16:55
Сары-Булак – Соң-Көл жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Нарын облусундагы Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 8,6-13,6-чакырым аралыгындагы тилкеде жол оңдолду. Иштер №14 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык аткарылды.

Жаңыланган жол жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, Соң-Көлгө барган туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзөт.