Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Билим 09 Апрель 2026 15:11
668564784_1457540642511647_4764089311028592988_n.jpg
668892671_1457540695844975_4668108538689741942_n.jpg
668568257_1457540742511637_1178990615007972214_n.jpg
668572488_1457540685844976_6595965636603186997_n.jpg
669489942_1457540579178320_7415516881327022471_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Долбоорго республикалык бюджеттин эсебинен 226,3 млн сом бөлүнгөн.

Билим уясынын жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзөт. Мектепте учурда ички курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.