Санкт-Петербургдан келген адистер Бишкекте жаш балет артисттерине сабак берүүдө

Маданият

Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында Санкт-Петербургдан келген балет өнөрүнүн алдыңкы адистеринин катышуусунда окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана окуучулар үчүн практикалык сабактар өтүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, окуу программасы хореография өнөрүнүн негизги багыттарын камтыйт. Адистер эркектер жана аялдар класстарында классикалык бийди окутуунун методикасы, мүнөздүү бий, тарыхый-тиричилик бийи, дуэттик-классикалык бий жана актёрдук чеберчилик боюнча сабактарды өткөрүшүүдө. Ошондой эле өндүрүштүк практиканы уюштуруу маселелери каралууда. Иш-чаралар 7-ноябрдан 15-ноябрга чейин уланат.

Мастер-класстарга Н. А. Римский-Корсаков атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясынын жана Борис Эйфман атындагы Бий академиясынын окутуучулары тартылган.

Алардын катарында А. Я. Ваганова атындагы Орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү, Санкт-Петербургдагы Леонид Якобсон атындагы Академиялык балет театрынын жана Михайловский театрынын мурдагы башкы солисти Кубат Боскунбаев, Борис Эйфман атындагы Бий академиясынын тарыхый-тиричилик бийи боюнча окутуучусу Мартина Звездана, Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясынын доценти, искусство таануу илимдеринин кандидаты Сергей Горбатов бар.

Мындан тышкары, мастер-класстарга доцент, Россиянын эмгек сиңирген маданият кызматкери, Мариин театрынын мурдагы прима-балеринасы Вероника Иванова, ошондой эле доцент, Россиянын эмгек сиңирген артисти, Мариин театрынын мурдагы прима-балеринасы София Лазуткина катышууда.