Санкт-Петербургда мигранттарга такси айдоого тыюу салынды

Дүйнө Загрузка... 29 Июль 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-07-29 at 18.00.10.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында 2025-жылдын аягына чейин патент менен иштеген мигранттарга такси айдоого тыюу салынганын РБК агенттиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, иш берүүчүлөргө үч айлык өткөөл мөөнөт берилет. Бул мезгил ичинде алар учурдагы эмгек келишимдерин бүтүрүп, жаңы айдоочуларды алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Губернатор Александр Бегловдун бул демилгеси такси кызматтарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Россия жарандары үчүн жумуш орундарынын санын көбөйтүүгө багытталган. Жыл жыйынтыгы менен бул чаранын таасири бааланып, анын 2026-жылы да улантуу зарылдыгы аныкталат.

Петербург шаарында учурда 210 миңге жакын мигрант жашайт, алардын 21 миңи - балдар. 2024-жылы шаарда катталган мигранттардын саны 60 пайызга кыскарганы айтылат.