Санкт-Петербургда мигранттарга курьер болуп иштөөгө тыюу салынды

Дүйнө 12 август 2025 18:45
Санкт-Петербургда  мигранттарга курьер болуп иштөөгө тыюу салынды

Бишкек, 12.08.2025. /Кабар/. Шаар губернаторунун токтомуна ылайык, Санкт- Петербургда мигранттарга курьер болуп иштөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, буга чейин такси кызматына карата да ушундай чаралар көрүлгөн.

Губернатордун токтомуна ылайык, мигранттарга төмөнкү кызматтарда иштөөгө тыюу салынды:

  • Курьердик кызмат көрсөтүүлөр;
  • Такси кызматы;
  • Үйгө тамак-аш жеткирүү.

Шаар бийлиги мындай кадам тейлөө сапатын жана коопсуздукту жогорулатууга, ошондой эле россиялыктар, өзгөчө жаштар жана студенттер үчүн жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталганын билдирген.