Санитардык көзөмөл: Индиядагы вирус боюнча кооптонууга негиз жок

Ден соолук Загрузка... 29 Январь 2026 11:11
1769488059191_virus-nipah-bung-phat-tai-an-do-loat-san-bay-chau-a-siet-kiem-soat-y-te-cropped-1769485825726.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Индияда катталган Нипах вирусунун бүгүнкү күндө Кыргызстанга коркунучу жок. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева “Биринчи радиодо” билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө илдеттин алдын алуу чаралары күчөтүлгөнү менен, кооптонууга эч негиз жок.

“Нипах вирусу Индияда катталып, 5 адамдын ооруганы айтылып жатат. Ал 5 адам менен байланышта болгон 100 адам азыр байкоодо обочолонуп турат. Бул ооруну жуктуруучу жарганаттын “учуучу түлкүлөр” деп аталган түрү бизде жок. Бирок, учурда миграция күчөп, ары-бери каттаган туристтер көп болгондуктан биз алдын алуу чараларын күчөттүк. Көзөмөл-пункттарына багыттама берилип, өлкөгө келгендердин дене табы, оорунун белгилери текшерилүүдө”,- деди Оторбаева.

Негизи бул Нипах вирусу биринчи жолу 26 жыл мурда 1999-жылы Малайзияда катталып, 100гө жакын адам ооруган.

Маалымдалгандай, андан бери оору 12 жолу кайталанып катталган. Азыр Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул илдетти сезондук локалдык оору деп атоодо.