Санариптик өнүктүрүү министри биринчи болуп онлайн ID-паспортун алмаштырды

1530 28 Март 2025 15:55
IMG-20250328-WA0083.jpg
IMG-20250328-WA0084.jpg
IMG-20250328-WA0085.jpg
IMG-20250328-WA0086.jpg
IMG-20250328-WA0087.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20250328-WA0083.jpg
IMG-20250328-WA0084.jpg
IMG-20250328-WA0085.jpg
IMG-20250328-WA0086.jpg
IMG-20250328-WA0087.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Азамат Жамангуловдун өздүк архивинен

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов жаңы онлайн-сервис аркылуу ID-паспортун биринчи болуп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында маалымдады.

Анын айтымында, жаңы ID-паспорту даярдалып, "Кыргыз почтасы" ААКтын кызматкерлери тарабынан кеңсеге жеткирилген.

"Калктын ыңгайлуулугу үчүн сервистерди жакшыртабыз!" — деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, ID-паспортту онлайн алмаштыруу кызматы буга чейин президент Садыр Жапаровдун "Кызмат" мамлекеттик ишканасынын IТ-борборуна болгон иш сапары учурунда көрсөтүлгөн. Эми жарандар жаңы ID-паспортту кеңсеге барбай эле ала алышат.