Жамангулов санариптик өнүгүү жана инновациялар технологиялары министринин милдетин аткарат

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 01 Апрель 2025 11:30
0198cd11-f4c2-423f-a625-f8b38c68e58f.jpg

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарына, 71-беренесине ылайык, Жамангулов Азамат Саадатбекович санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоо үчүн сунушталды.