Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду министр кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 02 Апрель 2025 15:15
hd-1743582886920.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, жактырылды.

Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖКМлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, КР президентинин Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоо жөнүндө сунушун президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. 

Жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлиги Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги болуп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу министрлик кызматка Азамат Жамангуловдун талапкерлиги кайрадан сунушталгандыгы айтылды.

Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик кызматтарды жакшыртуу, бюрократиялык жол-жоболорду азайтуу керектигин белгилешти. Алсак, депутаттар Бактыбек Чойбеков, Илимбек Кубанычбеков «Түндүк» электрондук кызмат кѳрсѳтүлѳр мамлекеттик парталы аркылуу алына турган кызматтардын санын көбөйтүү зарылдыгын айтышса, эл өкүлү Алишер Козуев тармактык министрликти мектептерге жана бала бакчаларга электрондук кезек системасын жакшыртууга, бул жаатта ички мигранттардын укуктарын эске алууга чакырды.