Санариптик активдер. Мамлекет криптовалюта рыногун активдүү өнүктүрүүдө

Аналитика Загрузка... 10 Сентябрь 2025 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-июль айларында криптовалюта алмаштыруучу жайлар менен биржалардын жүгүртүүсү 1 триллион сомго жетип, крипто индустриясынын катышуучуларынан бюджетке 1 миллиард сомго жакын салык түшкөнүн Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.

"Жыл сайын бул тармак өсүү жана кеңейүүнү көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 169 виртуалдык активдерди алмаштыруучу оператор, 13 крипто биржа жана өнөр жай майнинги менен алектенген 11 компания бар", — деди министр.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү мамлекеттик майнингди киргизүүнү караган мыйзам долбоорун үч окууда колдошту.

Кыргызстандын криптовалюта менен активдүү алектенишинин негизги себептеринин катарында: Ачык жана түшүнүктүү жөнгө салуу чөйрөсүнүн болушу, ашыкча электр энергиясын майнингге пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлордун криптовалютага болгон кызыгуусунун өсүшү айтылат. Криптоиндустриянын өнүгүшү IT-адистери үчүн жумуш орундарын түзүп, Кыргызстандын эл аралык крипторынокко интеграцияланышына өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, өлкө санариптик валюталар борбордук ролду ойноочу келечекке ыңгайлашууга аракет кылып, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен санариптик сомду иштеп чыгууну караштырууда.

Ушул жылдын май айында Чолпон-Ата шаарында Виртуалдык активдерди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Кеңештин курамына дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы Binance’тын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао дагы кирген. Ысык-Көлдөгү жолугушууда өлкөдө криптоинфраструктураны куруу, каржы рыногунда жогорку технологияларды колдонуу жана блокчейн инновацияларын жайылтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

36603527-9a58-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси, Кыргыз фондулук биржасынын негиздөөчүсү Нурбек Элебаев “Кабар” агенттигине берген маегинде, блокчейн базасында санариптик сом түзүү келечекте өзгөчө мааниге ээ болоорун айтты.

Анын айтымында, бул багыттагы кыймылдын темпи азыртадан эле өсүүдө. Андыктан, Кыргызстан артта калбай, дүйнөлүк авангард менен тең кадам ташташы керек.

"Бул биздин ички муктаждыктар жана максаттар менен эле эмес, дүйнөлүк экономиканын өнүгүү багыты менен да байланыштуу. Кыймылдан артта калган өлкөлөр криптоинфраструктуранын субъекти эмес, башкаларга көз каранды кошумча элементке айланышы мүмкүн. Ошондуктан, мамлекет башчысынын, өкмөттүн жана парламенттин аракеттери бүгүнкү күндө өлкөнүн бизнеси жана эли үчүн өтө маанилүү", — деди ал.

Нурбек Элебаев белгилегендей, криптобиржалар жана алмаштыруучу жайлар финансынын күнү-түнү кыймылын камсыздап, борбордон ажыратылган төлөм платформалары банк же финансылык компанияларсыз эле акча жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Ал кошумчалагандай, бул багыт көпчүлүк үчүн али жаңы көрүнүш бойдон калууда. Ошондуктан, мамлекеттин катышуусу жана элге түшүндүрүү иштери өтө маанилүү.

"Криптоиндустрияда колдонуучулардын ишеними биринчи орунда турат. Төлөмдөрдүн жана инвестициялардын коопсуздугу бул ишенимди бекемдейт. Мамлекеттин катышуусу ички экосистеманын туруктуулугун камсыздап, эл аралык интеграцияга шарт түзөт. Санариптик активдер мыйзамдуу төлөм каражаты катары фиаттык валютага эркин конвертациялана алат, бул дагы алардын артыкчылыгы. Криптовалюталар каржы кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтет, транзакциялык чыгымдарды азайтат, төлөмдөрдүн коопсуздугун жана купуялуулугун жогорулатат. Сиз дүйнөнүн каалаган жеринде улуттук валюта менен төлөмдү смартфон тиркемеси аркылуу заматта жүргүзө аласыз. Жеке маалыматтарыңыз сыр бойдон калат", — деди ал.

Нурбек Элебаев белгилегендей, криптовалюталар өзгөчө салттуу каржы рыногунда туруксуздук болгон учурда инвестициялоо жана соода үчүн коопсуз жана туруктуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул багыт жеке инвесторлордун гана эмес, институционалдык оюнчулардын дагы көңүлүн бурдуруп жатат. Өткөн жылдан тарта өлкөдө эл аралык WeFi криптовалюталык деобанки иштеп жатат. Ал колдонуучуларга билим берип, криптовалюта менен иштөөнү үйрөтөт.

WhatsApp_Image_C87Xe00.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Экономика илимдеринин доктору Толонбек Абдыров майнинг жана крипторынокко мамлекеттин катышуусу дыкат ойлонулгандан кийин гана болушу керектигин белгиледи.

Анын айтымында, негизги тобокелдик — бул санариптик активдердин туруксуздугу. Тажрыйбасыз инвестор чоң жоготууга учурашы мүмкүн. Ошондуктан, калкка атайын билим берүү маанилүү. Майнинг үчүн электр энергиясы көп талап кылынгандыктан, ашыкча кубаттуулук болушу керек. Ошондой эле ал энергия жашыл булактардан, көмүр же газсыз, экологиялык стандарттарга шайкеш болушу зарыл.

"Эгер ыкмалар тең салмактуу болсо, Кыргызстанда майнинг парктарынын рационалдуу моделин түзүүгө болот", — деди Абдыров.

Анын айтымында, майнинг блокчейн инфраструктурасын түзүү жана финансылык туруктуулукка таасир этүү менен байланыштуу. Кээ бир өлкөлөрдө (мисалы, Казакстан, Иран, Россия) мамлекет майнинг фермаларын түзүп же экономикалык зоналар аркылуу бул тармакка катышат. Бул кирешени диверсификациялоо, башкача айтканда, жаңы валюта агымдарын жана технологиялык өнүгүүнүн булагын түзүүнүн жолу. Мамлекет катышканда, бюджет кирешеси өсүп, салттуу салык булактарынан көз карандылык азаят.

"Андан ары санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө болот. Бул булуттуу кызматтар, маалымат сактоо, жасалма интеллект эсептөөлөрү менен байланыштуу. Майнингге инвестиция салуу — келечектеги санариптик технологиялар үчүн негиз болуп калышы мүмкүн", — деп жыйынтыктады Абдыров.

Санариптик активдерди жана токендерди колдонуу чөйрөсү тынымсыз кеңейүүдө. Блокчейн технологиясы дүйнөлүк каржы системасынын эволюциясына түрткү берип, акча агымдарын диверсификациялоого мүмкүнчүлүк ачууда. Кээ бир ликвиддүү криптовалюталарды азыртан эле "жаңы алтын" деп аташууда. Рыноктун капиталдаштыруусу да өсүүдө. Ошондуктан, майнинг же криптовалюта чыгаруу экономикалык ишмердиктин жана өнүгүүнүн маанилүү багытына айланууда.