Санариптештирүүнүн жаңы багыты: Ишкердик жасалма интеллектке өтөбү?

Экономика Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 16:40
741751432_1590124042684288_7476672543987666166_n.jpg
742951523_2098419717720596_3300740020925028815_n.jpg
740622206_2089391941998345_196645249052343296_n.jpg
741428446_1513330266535206_5643981636032969754_n.jpg
741745647_3553216368167885_2294031021581039484_n.jpg
Алдыга
Артка
741751432_1590124042684288_7476672543987666166_n.jpg
742951523_2098419717720596_3300740020925028815_n.jpg
740622206_2089391941998345_196645249052343296_n.jpg
741428446_1513330266535206_5643981636032969754_n.jpg
741745647_3553216368167885_2294031021581039484_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Бишкекте "Кыргызстандагы ишкердик чөйрө, санариптештирүү жана жасалма интеллектти киргизүү: жеке сектордун көз карашы" аттуу Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (OECD) алдын ала изилдөө жыйынтыктары тааныштырылды.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Европа биримдигинин колдоосу менен уюштурулду.

Анда министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов өлкөдө жагымдуу ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү, санариптик трансформация жана жасалма интеллект сыяктуу инновациялык технологияларды жайылтуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары экенин белгиледи.

Семинарда жеке сектордо санариптештирүүнүн деңгээли жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды.

Ошондой эле ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана чакан, орто бизнести колдоо маселелери талкууланып, мамлекет, бизнес жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдору каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында OECD уюмунун бул изилдөөсү Кыргызстанда ишкердикти колдоо жана экономиканы санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты мындан ары өркүндөтүүгө бекем негиз болору баса белгиленди.