Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. "Кыргызнефтегаз" ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Самсаалы Четимбаев шайланды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Анын талапкерлиги коомдун башкы акционери — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталган.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатына ведомствонун директорунун орун басары Бекзат Абдикахаров тааныштырды.
Жаңы жетекчиликтин алдына өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо, мунай жана газ өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле процесстерди башкарууга заманбап санариптик технологияларды киргизүү боюнча милдеттер коюлду.
Белгилей кетсек, "Кыргызнефтегаз" стратегиялык объект жана өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Ал Кыргызстандын түштүк чөлкөмүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздайт.