“Салык Күзөт” жаңы системасынын өзгөчөлүктөрү кандай? Адистердин пикири

Экономика Загрузка... 13 Февраль 2026 13:30
WhatsApp_Image_2026_BsHlyKh.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. “Салык Күзөт” аналитикалык системасы ачыктыкты жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана ишкердик үчүн адилеттүү шарттарды түзүүгө багытталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, система салык органдары көп жылдар бою туш болуп келген системалуу түйшүктөрдү жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан.

“Буга чейин аналитикалык иштердин басымдуу бөлүгү кол менен жүргүзүлүп, маалыматтар ар башка тутумдарда сакталчу. Бул жалпы картинаны толук көрүүгө мүмкүндүк берчү эмес. Мындан тышкары, ишкерлер менен кызматкерлердин ортосундагы кыянат байланыштардын тобокелдиктери сакталган. Биз үчүн адам факторун минималдаштырган технологиялык чечим табуу маанилүү болду”, - деди ал.

Ошондой эле Жээнбеков “Салык Күзөт” системасы бизнеске болгон басымды азайтуу максатында иштелип чыкканын, муну менен ашыкча текшерүүлөрдү кыскартуу жана инспекторлор менен түз байланыштар төмөндөтүлөрүн айтты.

Система Мамлекеттик бажы кызматынын, эсеп-фактуралардын, товардык-транспорттук коштомо кагаздардын жана башка мамлекеттик маалыматтык ресурстардын маалыматтарын бириктирет. Бул маалымат булактарын өз-өзүнчө пайдалануу аркылуу манипуляция жасоону мүмкүн эмес.

“Күзөт чечим кабыл албайт жана жазалоо механизми эмес. Бул аналитикалык курал. Ал маалыматтардагы айырмачылыктарды көрсөтөт, аларга инспектор көңүл бурушу керек”, - деп белгиледи Жээнбеков.

“Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин директору Шамшыбек Качкынбай уулу болсо, системанын иштөө принциптери тууралуу айтып берди.

“Негизи бул ар кандай мамлекеттик системалардагы маалыматтарды автоматтык түрдө салыштырган платформа. Биз системанын өзү “сүйлөгөндөй” кылып түздүк, ал айырмачылыктарды байкап, адистерге билдирүү берет”, - деди ал.

Анын пикиринде, тиешелүү аналитикалык аракеттер болгон учурда “Салык Күзөт” реалдуу убакыттын ичинде экономикалык тенденцияларды көзөмөлдөөгө, салыктан качуунун жаңы схемаларын аныктоого жана жаралган тобокелдиктерге ыкчам чара көрүүгө жөндөмдүү.

Ошондой эле Шамшыбек Качкынбай уулу система текшерүү жүргүзгөн кызматкерлердин аракеттерине көзөмөл жүргүзөрүн белгиледи. Отчеттуулук формалдуу түрдө туура көрүнгөнү менен, иш жүзүндө дал келбестиктер орун алса, “Күзөт” мындай айырмачылыктарды каттайт.

Салык кызматынын аналитикалык иштер башкармалыгынын башчысы Бек Мамадалиев билдиргендей, система маалыматтарды талдоо процессин кыйла тездетет жана мыйзам бузууларга чара көрүүдөн мурун алдын алууга мүмкүндүк берет. "Күзөт" чечим кабыл албайт, болгону текшерүүчүгө сунуш жана эскертүү берет. Айрым учурларда система инспектор үчүн да байкоочу болуп, бизнес тарабынан салыктарды жашырууга жол бербөөгө жардам берет.