Салык кызматынын төрагасы Таласта ишкерлер менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Экономика 1558 23 Апрель 2025 13:00
491998243_969249505380357_3036454610683464235_n.jpg
491995911_969249928713648_5287751725791707125_n.jpg
491998792_969249825380325_4728152235545564583_n.jpg
491999059_969249388713702_8526597525665996690_n.jpg
491999854_969249742047000_6668201099986758368_n.jpg
492003010_969249648713676_7601049145200802740_n.jpg
492003372_969249655380342_1874486583655107150_n.jpg
492003479_969249265380381_7579916267331704285_n.jpg
492003495_969249508713690_32040108403124726_n.jpg
492007824_969249268713714_7204793581268784540_n.jpg
492096840_969249632047011_19308714338506462_n.jpg
492210334_969249768713664_6783874257188972441_n.jpg
492258492_969249408713700_6434953933200157481_n.jpg
492411137_969249285380379_953681241967064770_n.jpg
492707770_969249375380370_1936322373976507890_n.jpg
493057388_969249528713688_1647120503474085063_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик алык кызматы

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактын тургундары жана ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, ачык диалогдун жүрүшүндө салык кызматынын төрагасы акыркы салык жаңылыктары, ошондой эле жакында президент тарабынан кол коюлган “Ишкердик субъекттерин колдоо, салыктардын ставкаларын жана салыктык башкаруу оптималдаштыруу чаралары жөнүндө” жарлыгынын жоболору тууралуу түшүндүрдү.

Соода ишин жүргүзгөн субъекттер үчүн патент системасынын кайтарылышына өзгөчө көңүл бурулду.

"Бүгүн биз ишкерлер менен жөн гана жолугушуу өткөрбөстөн, кырдаалды кылдат талдап чыктык. Алынган маалыматтардын негизинде, соода иши үчүн патенттик системаны кайтаруу чечими туура болгонуна дагы бир жолу ынандык. Бул кадамдардын бардыгы бизнесте иштөөнү жана салык милдеттенмелерин аткарууну жеңилдетүү максатында президенттин тапшырмасы боюнча ишке ашырылууда”, — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Ал ыңгайлуу жана түшүнүктүү салык чөйрөсүн түзүүгө мамлекет кызыкдар экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу чакан жана орто ишкердикти жүргүзүүнүн реалдуу шарттарын эске алган салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн механизмдери активдүү иштелип чыгууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер салык отчетун тапшыруу, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, электрондук эсеп-фактуралар жана салыктык башкаруунун башка аспектилери боюнча актуалдуу суроолорду беришти. Ошондой эле салык мыйзамдарын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

Алмамбет Шыкмаматов дал ушундай жандуу жолугушуулар бизнестин реалдуу суроо-талаптарын жакшыраак түшүнүүгө жана салык системасын ишкерлердин муктаждыктарына ыңгайлаштырууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

“Мен үчүн ишкерлерди угуу маанилүү. Биз салык системасы мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да ыңгайлуу жана эффективдүү болушу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярбыз”, — деди ал.

Жолугушууда салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн айып салуу маселеси да көтөрүлдү. Буга Салык кызматынын башчысы: “Ар бир ишкер салык милдеттенмелерин ак ниеттен жана өз убагында аткарууга умтулууга тийиш. Ушундай жол менен гана айыптардан жана туумдардан кутулууга болот”, — деп билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жана ачык-айкын салык саясатын түзүү үчүн бизнес-коомчулук менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантат.