Салык реформасы кадрдан башталат. Салыкчылар глобалдык билим менен куралданууда

Коом Загрузка... 22 Апрель 2025 14:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Бишкекте 14-апрелден 17-апрелге чейин "Бенефициардык менчиктин ачыктыгы, кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууларды практикалык чечмелөө жана колдонуу" темасындагы окутуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.

Семинардын негизги максаты акыркы бенефициарларды аныктоо жана анализдөө жаатында салык кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кош салык салуудан качуу жөнүндө эл аралык макулдашууларды колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү болду.

Катышуучулар акыркы бенефициарларды аныктоо, корпоративдик жана трасттык структураларды талдоо жана салык маалыматтарын бөлүшүү маселелерин изилдешти. BEPS планынын жана Глобалдык форумдун сунуштарынын алкагында салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү механизмдери талкууланды.

Белгилей кетсек, 17-апрелде семинар башка мамлекеттик органдардын: Экономика жана коммерция министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, КРнын Улуттук банкынын, ошондой эле "Кадастр" жана "Унаа" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен улантылды.

"Салык кызматы эл аралык стандарттарды киргизүү жана кадрдык потенциалды чыңдоо боюнча иштерди улантат",-деп айтылат маалыматта.