Салык кызматында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өттү

Коом 8 октябрь 2025 17:55
557608155_1096323589339614_7794403966008793220_n.jpg
558025343_1096323642672942_7620896018054589720_n.jpg
558146380_1096323542672952_204732383172730431_n.jpg
558203536_1096323596006280_4385936574117118684_n.jpg
558779781_1096323639339609_7736690698422379213_n.jpg
561661508_1096323532672953_1362445324477783628_n (1).jpg
561661508_1096323532672953_1362445324477783628_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Экономика", "Финансы жана кредит" жана "Менеджмент" багытындагы биринчи курстун студенттери үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, эки күндүн ичинде 80ден ашык студенттер салык органдарынын иши менен ичинен таанышып, адистерге суроолорун берип, андан аркы практика өтүү жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Салык кызматынын негизги функциялары жана түзүмү, электрондук сервистердин (анын ичинде "Салык төлөөчүнүн кабинети", электрондук салык отчеттуулугу ж.б.) ишин көрсөтүү менен практикалык сабактар, салыктык башкаруу боюнча реалдуу кейстер менен таанышышты.

Мындан тышкары, Салык кызматынын өкүлдөрү карьералык мүмкүнчүлүктөр, конкурстар жана стажировкалар тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле студенттерге Бишкек шаарынын Ишкерлерди тейлөө борборунда экскурсия өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чара кесиптик багыт берүү жана өлкөнүн билим берүү мекемелери менен ачык өз ара аракеттенүү программасынын алкагында өттү.